# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 18-майынан "Сотторду каржылоону жакшыртуу жана Кыргыз Республикасынын судьяларын социалдык жактан колдоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө" ПУ №166 Указы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 18-майынан "Сотторду каржылоону жакшыртуу жана Кыргыз Республикасынын судьяларын социалдык жактан колдоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө" ПУ №166 Указы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 166
- Кабыл алынган күнү: 18.05.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/3403>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1201/edition/1128159/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/3403.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 18-майынан "Сотторду каржылоону жакшыртуу жана Кыргыз Республикасынын судьяларын социалдык жактан колдоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө" ПУ №166 Указы (31.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/3403

---

КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек ш., Өкмөт Үйү 2001-жылдын 18-майы ПУ N 166

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН УКАЗЫ

Сотторду каржылоону жакшыртуу жана Кыргыз Республикасынын судьяларын социалдык жактан колдоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө

Кыргыз Республикасынын сотторун каржылоо сот адилеттигин толук жана көз карандысыз ишке ашыруунун кепили катары соттордун кадимкидей иштөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш экендигин эске алуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын сотторунун судьяларын социалдык жактан колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42- статьясына ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- 2002-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын сотторунун

судьяларынын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 1- августундагы «Мамлекеттик кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндөгү» № 196 Указында белгиленген кызматтык айлык акыларын жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрүн издештирсин:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 1-августундагы

«Мамлекеттик кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндөгү» № 196 Указынын 4-пунктунда белгиленген Кыргыз Республикасынын сотторунун судьяларына ишинин татаалдыгы үчүн төлөнүүчү сыйлык акылардын жана кызматтык айлык акыларына үстөк акылардын толук көлөмүндө каржыланышын камсыз кылсын;

- 2002-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын сотторунун

бардык бюджеттен тышкаркы өнүктүрүү фонддорун жойсун жана сотторду толугу менен мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылоого өткөрсүн:

- эки айлык мөөнөт ичинде 2002-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз

Республикасынын сот органдары тарабынан алынып жаткан мамлекеттик жыйымдардын толугу менен республикалык бюджетке которулушун белгилөө менен «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү жана «Мамлекетик жыйымдар жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосуна киргизсин:

- жыл сайын республикалык бюджетти түзүүдө «Кыргыз Республикасынын

судьяларынын статусу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-статьясынын 4-бөлүгүндө, 14 жана 16-статьяларында каралган судьяларды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык жактан коргоо чараларына жана судьяларды материалдык жактан камсыз кылууга байланыштуу иш-чараларды каржылоо үчүн каражаттарды белгилесин;

- өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Указга ылайык

келтирсин.

2. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу Кыргыз

Республикасынын Премьер-министрине жүктөлсүн.

3. Бул Указ кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев
