# 8-статья. Жарандык коргонуу тармагында жергиликтүү мамлекеттик

- Документ: [Жарандык коргонуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/339)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 6-октябрындагы № 204 "Жарандык коргонуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 20.01.2000
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.07.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 июля 2009 года № 239 "О Гражданской защите"](https://aqlex.ai/kg/doc/202681)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/339/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-325/edition/783280/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/339/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык коргонуу жөнүндө, 8-статья (20.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/339/st-8

---

администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ыйгарым укуктарынын чектеринде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка норма- тивдик укуктук актыларында белгиленген тартипте тиешелүү аймактарда:

- жарандык коргонуу боюнча иш чараларды уюштурат, жарандык корго-

нуу пландарын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;

- жарандык коргонуу күчтөрүн, жарандык коргонуунун башкаруу орган-

дарынын дайыма даярдык абалында турушу боюнча чараларды көрөт;

- жарандык коргонуунун жарандык уюмдарынын даярдыгын жана согуштук

аракеттерди жүргүзүүдөн же ошол аракеттердин кесепетинен келип чыгуучу коркунучтардан коргонуунун ыкмаларын калкка үйрөтүүнү уюштурат;

- жарандык коргонуу башкармалыгынын техникалык тутумун жана жаран-

дык коргонуу объекттеринин пайдаланууга дайыма даярдыкта турушун камсыз кылат;

- калкты, материалдык жана маданий байлыктарды коопсуз райондорго

көчүрүүгө, жапа чеккен калкты биринчи кезекте дарылоо жана башка меке- мелерге жайгаштырууга даярдык боюнча иш чараларды жүргүзөт;

- тынчтык жана согуш мезгилинде мекемелердин, уюмдардын туруктуу

иштешин камсыз кылуу чараларын жүргүзөт;

- жарандык коргонуу максатында материалдык - техникалык, азык -

түлүк, медициналык жана башка каражаттардын корлорун түзөт жана кармап турат;

- тиешелүү аймактарда жарандык коргонуунун абалына контролдук кы-

лат.

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/339/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/339/st-9)
