# 4-статья. Жарандык коргонууну уюштуруу жана жүргүзүү принциптери

- Документ: [Жарандык коргонуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/339)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 6-октябрындагы № 204 "Жарандык коргонуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 20.01.2000
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.07.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 июля 2009 года № 239 "О Гражданской защите"](https://aqlex.ai/kg/doc/202681)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 октября 2008 года № 204 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О гражданской обороне"](https://aqlex.ai/kg/doc/202419)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/339#diff=783281..783282>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/339/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-325/edition/783280/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/339/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык коргонуу жөнүндө, 4-статья (20.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/339/st-4

---

1. Жарандык коргонууну уюштуруу жана жүргүзүү мамлекеттин коопсуз-

дугун камсыз кылуунун, коргонуу курулушунун составдык бөлүгү, мамлекет- тин маанилүү функцияларынын бири болуп саналат. Жарандык коргонуу территориалдык - өндүрүштүк принцип боюнча Кыр- гыз Республикасынын аймагында уюштурулат.

2. Мамлекетти жарандык коргонууну жүргүзүүгө даярдоо куралданууну,

аскердик техникаларды жана согуштук аракеттерди жүргүзүүдөн же ошол аракеттердин кесепетинен келип чыгуучу коркунучтардан калкты коргоо ка- ражаттарын өнүктүрүүнү эске алуу менен тынчтык мезгилде ишке ашырылат.

3. Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым жерлеринде жа-

рандык коргонууну жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан согуш башталган же анын айрым жерлеринде согуштук абал жарыяланган учурдан тартып башталат жана бул маселе Президент тарабынан Кыргыз Рес- публикасынын Жогорку Кењешинин кароосуна киргизилет. Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын мыйзамда- рында белгиленген негиздер болгондо өзгөчө кырдаалды киргизүү жөнүндө эскертет, ал эми табигый кырсыктын чыгышына байланыштуу зарыл түрдө аны Кыргыз Республикасынын айрым жерлеринде алдын ала жарыялоосуз киргизет жана ал жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынына дароо кабарлайт. (КР 2008-жылдын 6-октябрындагы № 204 Мыйзамынын редакциясына ылай- ык)

II Глава Жарандык коргонуу тармагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын ыйгарым укуктары

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/339/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/339/st-5)
