16-статья. Жарандык коргонуу аскерлеринин иш аракеттеринин
Күчүн жоготкон · 20.07.2009 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 июля 2009 года № 239.
негиздери
1. Жарандык коргонуу аскерлеринин иш аракети согуш абалы жарыялан-
ган, иш жүзүндө согуштук аракеттер башталган же Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында же анын айрым жерлеринде согуштук абал жарыяланган учурдан тартып, ошондой эле тынчтык мезгилинде калктын ден соолугуна коркунуч келтирилген жана ава- риялык - сактоочу жана кечиктирилгис башка иштерди жүргүзүүнү талап кылган бөөдө кырсыктар, эпидемия, эпизотия, ири авариялар, кыйроолордун учурунда ишке киришет.
2. Жарандык коргонуу аскерлеринин аскер кызматчылары жарандык кор-
гонуу тармагында милдеттерди чечүүгө атайын ыйгарым укугу бар борбордук аткаруу бийлик органдарында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жарандык коргонууну башкаруучу башка органдарга кызмат өтөй алат.
3. Жарандык коргонуу аскерлеринин аскер кызматчыларына алардын
статусун ырастоочу, белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана жарандык коргону- унун эл аралык айырмалоо белгиси берилет.
4. Жарандык коргонуу аскерлеринин куралдануусунда атайын техника,
ошондой эле согуштук атылуучу кол курал, жана атылбас куралдар болот.
5. Жарандык коргонуу аскерлеринин иш аракети, аларды жарандык кор-
гонуу аскерлеринин аскер кызматчылары жана жөнөкөй жарандар менен то- луктоо, жарандык коргонуу аскерлеринин аскер кызматчыларынын жана алар- дын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык жактан коргоо, ошондой эле жарандык коргонуу аскерлеринин ишин каржылоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Берененин тексти 20.07.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/339/st-16" title="16-статья - Жарандык коргонуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>