# 12-статья. Жарандык коргонууну башкарууну ишке ашыруучу органдар

- Документ: [Жарандык коргонуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/339)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 6-октябрындагы № 204 "Жарандык коргонуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 20.01.2000
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.07.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 июля 2009 года № 239 "О Гражданской защите"](https://aqlex.ai/kg/doc/202681)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/339/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-325/edition/783280/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/339/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык коргонуу жөнүндө, 12-статья (20.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/339/st-12

---

1. Жарандык коргонууну башкарууну ишке ашыруучу органдар:

- жарандык коргонуу жагындагы милдеттерди чечүүгө атайын ыйгарым

укуктуу борбордук аткаруу бийлигинин органдары жана анын белгиленген тартипте түзгөн аймактык органдары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте

түзүлгөн, жарандык коргонуу жагындагы милдеттерди чечүүгө атайын ыйга- рым укугу бар аткаруучу бийликтин башка органдарынын структуралык бөлүмдөрү;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте

түзүлгөн (дайындалган), жарандык коргонуу жагындагы милдеттерди чечүүгө атайын ыйгарым укуктуу уюмдардын структуралык бөлүмдөрү (кызматкерлери) болуп саналат.

2. Аймактык органдар аскер кызматчыларынан, жөнөкөй жарандардан

түзүлөт, аларды күтүүгө каражат Кыргыз Республикасынын бюджетинен бөлүнөт. Көрсөтүлгөн органдардын жетекчилери аткаруу бийлик органдарынын жарандык коргонуу жагындагы милдеттерди чечүүгө атайын ыйгарым укуктуу жетекчиси тарабынан, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жетекчиси менен макулдашуу аркылуу жарандык коргонуунун аскер кызатчыларынын ара- сынан дайындалат.

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/339/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/339/st-13)
