# 1-статья. Негизги түшүнүктөр

- Документ: [Жарандык коргонуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/339)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 6-октябрындагы № 204 "Жарандык коргонуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 20.01.2000
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.07.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 июля 2009 года № 239 "О Гражданской защите"](https://aqlex.ai/kg/doc/202681)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/339/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-325/edition/783280/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/339/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык коргонуу жөнүндө, 1-статья (20.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/339/st-1

---

Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр: жарандык коргонуу - тынчтык жана согуш мезгилинде калкты коргоону ишке ашырган жалпы мамлекеттик, социалдык жана коргонуу иш - чараларын, бүткүл аймакты жана ага тиешелүү чарба объектилерин табигый кырсыктар- дан, авариядан, алааматтардан, ошондой эле азыркы учурдагы согуштук аракеттерден келип чыгуучу коркунучтардан коргоо тутумунун бир бөлүгү; жарандык коргонуу кызматы - негизги күчтөр менен каражаттарды да- ярдоону жана жарандык уюмдардын иш аракеттерин согуш жана тынчтык мез- гилинде авариялык - сактоо жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүүдө жарандык коргонуу боюнча иш чараларды жүргүзүү үчүн багытталган кызмат; жарандык коргонуунун жарандык уюмдары - Кыргыз Республикасынын ку- ралдуу күчтөрүнүн курамына кирбеген, тынчтык жана согуш мезгилдеринде согуштук аракеттердин же ал аракеттердин кесепеттеринин учурунда келип чыгуучу коркунучтардан калкты жана уюмдарды коргоо үчүн атайын техника- га жана мүлккө ээ болуп жана даярдалган территориалдык - өндүрүштүк принцип боюнча уюмдардын базасында уюштурулган түзүлүш; жарандык коргонуу боюнча топко тиешелүү аймак - шаар же башка калктуу пунктар жайгашкан, коргонуу жана экономикалык жактан мааниге ээ болгон, тынчтык жана согуштук мезгилде өзгөчө кырдаалдардын өтө жо- горку коркунучун пайда кылган объектер жайгашкан аймак.

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/339/st-2)
