Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилди Атайын багыттагы автомобилдер менен мотоциклдерге атайын жарык жана үн сигналдарын орнотуунун жана колдонуунун тартиби жөнүндө НУСКАМА
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 13 апреля 2026 года № 248 "Об утверждении Положения о порядке установки и применения цветографических схем, опознавательных знаков, надписей, специальных световых и звуковых сигналов на специализированных и специальных транспортных средствах"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-04-13.
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-апрелиндеги № 248 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
1999-жылдын 5-ноябрындагы
№ 610 токтому менен
бекитилди
Атайын багыттагы автомобилдер менен
мотоциклдерге атайын жарык жана үн сигналдарын
орнотуунун жана колдонуунун тартиби жөнүндө
НУСКАМА
(КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 22-декабрындагы № 706 токтомунун
редакциясына ылайык)
1. Жалпы Жоболор
2. Атайын сигналдарды колдонуунун тартиби
3. Атайын сигналдарды колдонуунун өзгөчөлүктөрү
4. Атайын жарык жана үн сигналдарына карата жалпы талаптар
1. Жалпы Жоболор
1. Бул нускама атайын багыттагы автомобилдер менен мотоциклдерге
(мындан ары - автомобиль менен мотоциклдер) атайын жарык жана үн сиг-
налдарын (мындан ары - атайын сигналдар) орнотуусун жана колдонуусунун
тартибин жөнгө салат.
2. Бул Нускаманы атайын сигналдар орнотулган автомобилдер менен
мотоциклдерди пайдалануу боюнча жооптуу айдоочулар менен кызмат адамда-
ры аткарууга милдеттүү.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин мамлекеттик
автомобиль инспекциясынын башкармалыгы тарабынан автомобилдер менен мо-
тоциклдерге атайын жарык жана үн сигналдарын орнотуп, жабдууга уруксат
берилет, андан кийин транспорт каражатынын техникалык талонуна ал
жөнүндө жазылат.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин мамлекеттик
автомобиль инспекциясынын каттоо-экзамен бөлүмдөрүнүн подразделениеле-
ринде атайын жарык жана үн сигналдары (көк, же көк-кызыл маяктар, бирок
кызгылт эмес маяктар) орнотулган транспорт каражаттарын башкарууга ай-
доочуларга ушул Нускама менен таанышып чыккандан кийин жана жол кыймы-
лынын эрежелери боюнча теориялык экзамен бергенден кийин гана уруксат
берилет.
5. Кызгылт түстөгү маяк орнотулган транспорт жол кыймылынын эреже-
сине ылайык башка транспорт каражаттарына артыкчылык укуктарга ээ эмес.
2. Атайын сигналдарды колдонуунун тартиби
6. Айдоочулар атайын сигналдарды кечиктирилгис оперативдик тапшыр-
маларды аткаруу учурунда, транспорт каражаттарынын атайын колонналарын
коштоп баратканда конкреттүү абалга жараша колдонушат.
Айдоочулар атайын сигналдарды иштетип баратканда оперативдик тап-
шырманын маанилүүлүгүнө жараша керектүү ылдамдыкты тандап алышы керек,
бул ылдамдык башка транспорт кыймылынын интенсивдүүлүгүн, жолдун шартын
(жолдун энин, абалын, жарыктыгын, атмосфералык шартты, ошол жердин
рельефин, ж.б.) эске алып, жол кыймылынын бардык катышуучуларынын кооп-
суздугун камсыз кылуу менен автомобилди (мотоциклди) башкарууга мүмкүн-
дүк берет.
7. Айдоочулар атайын сигналды жол кесилишине өтүп баратканда,
транспорт каражатын кууп өткөндө, белгиленген ылдамдыктан жогору ылдам-
дыкта жүрүп баратканда, транспорт каражаттарынын атайын колонналарын
коштоп баратканда жана бул сигналдарды алдын-ала колдонбой туруп жүр-
гөнгө кыйын жана коркунучтуу болгон башка учурларда да колдонушат.
8. Атайын жарык сигналы кечиктирилгис оперативдик тапшырмаларды
аткаруу учурунда автомобилдер менен мотоциклдер жолдо канча жүрсө ошон-
чо убакыттын ичинде иштеп турушу керек.
Атайын үн сигналы конкреттүү абалга жараша жана атайын жарык сиг-
налы иштеп турганда гана жол кыймылынын катышуучулары коопсуздук чара-
ларын көрүүгө алардын көњүлүн буруу үчүн иштетилет.
9. Шаарларда жана башка калктуу конуштарда атайын жарык жана үн
сигналдары саат 7ден саат 23кө чейин колдонулушу мүмкүн, ал эми башка
мезгилде атайын сигналы гана колдонулат. Саат 23төн 7ге чейин атайын үн
сигналын өзгөчө учурларга гана (кылмышкерди кармоо, жол-транспорт кыр-
сык учурунда жабыр тарткандарды дарылоо мекемелерине жеткирүү, ж.б.)
колдонууга жол берилет.
Атайын үн сигналын калктуу конуштарында саат 23төн 7ге чейинки
мезгилдин ичинде колдонгондо айдоочу бул жөнүндө ушул автомобиль (мото-
цикл) тиешелүү болгон органдардын (бөлүктүн) нөөмөткерине билдирет.
Калктуу конуштардан тышкары жерлерде атайын сигналдарды сутка бою кол-
донууга жол берилет.
10. Жол кесилишин басып өткөндө, транспорт каражатын кууп өткөндө.
анын ичинде карама-каршы жолго өткөндө жана башка учурларда айдоочулар
атайын үн сигналын конкреттүү жол кыймылынын абалына жараша алдын-ала
ишке киргизет.
Светофордун кыймылга уруксат бербеген сигналды күйгүзүп башкары-
луучу кесилишти басып өтүүгө зарыл болгондо, айдоочу коопсуздукту кам-
сыз кылуу максатында ылдамдыкты азайтып, жол кыймылынын башка катышуу-
чулары сигналды кабыл алып, сактыктын керектүү чараларын көргөндүктөрү-
нө көзү жетиши керек.
11. Оперативдик-кызмат автомобилдеринин колоннасы баратканда же
автомобилдердин (автобустардын) колоннасын коштоп баратканда атайын үн
сигналын колоннанын же коштоочулардын алдыњкы машинасынын айдоочусу га-
на иштетиши мүмкүн.
12. Атайын жарык сигналын иштетип жүрүп баратканда, зарыл болсо,
катуу сүйлөгүч радио түзүлүштүн же атайын үн сигналынын жардамы менен
айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөргө коопсуздуктун эрежелерин сактоосу
зарыл экендиги эскертилиши керек.
3. Атайын сигналдарды колдонуунун өзгөчөлүктөрү
13. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, облустардын
жана Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыктарынын, Кыргыз Республика-
сынын Ички иштер министрлигинин мамлекеттик автомобиль инспекциясынын
башкармалыгынын, облустар менен Бишкек шаарынын ички иштер башкармалык-
тарынын мамлекеттик автомобиль инспекциясынын бөлүмдөрүнүн, милиция бө-
лүмдөрүнүн, милициянын күжүрмөн бөлүмдөрү менен бөлүктөрүнүн, борбор-
лошкон күзөт пункттарынын нөөмөт бөлүктөрүнүн автомобилдеринин айдоочу-
лары атайын сигналдарды төмөнкү учурларда колдонууга укуктуу:
- оор кылмыш (киши өлтүрүү, карактоо, куралдуу кол салуу, зордук-
тоо ж.б.) жасалган жерге баратканда, мекемелерден, мамлекеттик банктар-
дан, сактык кассаларынан, пульттун жардамы менен кайтарылган мекемелер-
ден, ишканалар менен граждандардын квартираларынан берилген сигналдар
боюнча баратканда, ошондой эле адамдар курман болуп же жарадар болгон
жол-транспорт кырсыктары болгон жерге баратканда;
- топ кишилер бейбаштык кылган, массалык тартипсиздик болгон жер-
лерге баратканда;
- транспорт каражаты менен качкан кылмышкерлерди кууп кармоо жө-
нүндө буйрук алганда;
- өрт чыккан же табигый кырсык болгон жерге баратканда;
- өмүрү коркунучта турган жабыр тарткандарды дарылоо мекемелерине
жеткирип баратканда.
14. Милициянын бардык кызматтары менен милициянын моторлошкон
атайын бөлүктөрүнүн кайгуулдук автомобилдери менен мотоциклдеринин ай-
доочулары атайын сигналдарды ушул Нускаманын 13-пунктунда аталган кыл-
мыштарды жасаган адамдарды кармоо үчүн чара көргөндө колдоно алышат.
15. Атайын багыттагы автомобилдерди коштоону (эскорттоону) ишке
ашырган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин мамлекеттик
автомобиль инспекциясынын жол-кайгуул кызматынын күжүрмөн бөлүктөрүнүн
автомобилдери менен мотоциклдеринин айдоочулары атайын сигналдарды кош-
тоочу (эскорттоочу) топтун башчысынын буйругу боюнча колдонушат.
16. Өрт өчүргүч автомобилдин айдоочулары атайын сигналдарды өрт
чыккан, авария, табигый кырсык болгон жерлерге баратканда, ошондой эле
гарнизондук окууларды өткөргөн учурларда колдонушат.
17. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттер менен административ-
дик ведомстволордун медициналык тез жардам машиналары менен санитардык
автомобилдеринин айдоочулары атайын сигналдарды өмүрү коркунучта турган
оорулууга баратканда, же мындай оорулууларды дарылоо мекемелерине жет-
кирип баратканда колдонууга укуктуу.
Атайын сигналдарды колдонууга уруксатты айдоочуга автомобилде ба-
раткан улуу медицина кызматкери берет.
18. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскердик автомо-
биль инспекциясынын айдоочулары атайын сигналдарды аскердик окууга ба-
раткан автомобилдердин, техника менен куралдын колонналарын коштоодо,
аскерлердин жањы дислокациясы учурунда жана Кыргыз Республикасынын кор-
гонуу күчтөрүн чыњдоо жана коопсуздугун камсыз кылуу маселелерине бай-
ланышкан башка учурларда колдонууга укуктуу. Мындай учурда алар Кыргыз
Республикасынын бүткүл аймагында жол жүрүүдө артыкчылыктуу укуктардан
пайдалана алышат.
4. Атайын жарык жана үн сигналдарына
карата жалпы талаптар
19. Оперативдик жана атайын кызматтардын транспорт каражаттарында
атайын жарык жана үн сигналдарын берүүчү приборлор болушу керек.
20. Сигнал маягы транспорт каражатынын төбөсүнө же анын үстүнө ко-
юлушу керек. Сигнал маягын транспорт каражатынын башка жерине орнотууга
жол берилбейт. Сигнал маягын бекитүүнүн ыкмалары, анын орнотулушу тран-
спорт каражатынын кыймылынын бардык режимдеринде жана тормоздоо учурун-
да ишенимдүүлүктү камсыз кылышы зарыл. Транспорт каражатына бирден ашык
сигнал маягын орнотууга жол берилет.
21. Транспорт каражатына сигнал маягы горизонталдык мейкиндикте
жарык булагынын борбору аркылуу өтүүчү атайын жарык сигналы 360 град.
бурчтугунда көрүнө тургандай орнотулат. Жүк автомобилдеринин шассилүү
транспорт каражаттары үчүн, ошондой эле транспорт каражаттарынын колон-
насын коштоп жүрүүчү Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин
мамлекеттик автомобиль инспекциясынын жана Кыргыз Республикасынын Кор-
гоо министрлигинин аскердик автомобиль инспекциясынын транспорт кара-
жаттары үчүн сигналдык маяктын көрүнүү бурчун 180 градуска чейин, бирок
маяк транспорт каражатынын алды жагындагы тарабынан жабылбай тургандай
кичирейтүүгө жол берилет.
22. Оперативдик жана атайын кызматтардын транспорт каражаттарынын
бардык түрлөрүндөгү атайын жарык сигналы көк түстө болушу керек.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин мамлекеттик авто-
мобиль инспекциясы менен Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин
аскердик автомобиль инспекциясынын транспорт каражаттарында көк маякка
кошумча иретинде кызыл жарык чагылткан атайын жарык сигналы, ошондой
эле арткы колоннадагы автомобилдерде жашыл сигналдар колдонулушу мүм-
күн.
23. Ымдап күйүүнүн тездиги (частота) (/) 1,5 Гц дан аз болбошу жа-
на 4 Гц да көп болбошу керек.
24. Жаркырап күйүүнүн узактыгы t 0,6 мүнөттөн көп болбошу зарыл.
Жаркырап күйүүнүн узактыгы деп, анын күйүү күчүнүн жарык максималдуу
күчүнөн 10%ке көп жаркыраган убакыт болуп эсептелет. Сигнал маягын Кыр-
гыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Кыргыз Республикасынын
Улуттук коопсуздук министрлигинин жана алардын бөлүктөрүнүн оперативдик
автомобилдеринде магниттик жаздыкчага орнотууга жол берилет (булар чы-
гарып алынма болот).
25. Сигналдык маяктын жаркырап күйүүсүнүн көлөмү горизонталдык
мейкиндикте жарык булагынын борбору аркылуу өтүүчү оптикалык октун +(-)
4 град. бурчунун чегинде 25 кд-с тен аз болбошу керек.
26. Атайын үн сигналында өзгөрүп туруучу негизги тездик болушу за-
рыл. Негизги тездиктин өзгөрүү чектери 150 Гц дан 2000ге чейин болушу
керек.
27. Атайын үн сигналынын негизги тездигинин өзгөрүү циклинин узак-
тыгы 0,5 секунддан 6,0 секундага чейин болууга тийиш.
28. Атайын үн сигналын берүүдө үн сигналын берүүчү түзүлүштүн үн
чыгуучу көзөнөгүнө перпендикулярдуу ок боюнча 2 м аралыкка кармалган үн
басымынын дењгээли 110 дБа дан 125 ке чейин болушу керек.
Үн басымынын 1800 Гц 3500 Гц га чейинки тездик тилкесиндеги дењ-
гээли 2 м аралыкта 110 дБадан төмөн болбошу жана 3550 Гц дан жогору үн
спектрин түзгөн дењгээлден жогору болбошу керек.
29. Атайын үн сигналынын үн басымынын максималдуу дењгээли транс-
порт каражаты бараткан багыттагы жарыш огуна дал келиши керек.
30. Атайын сигналдарды орнотуу жана колдонуу боюнча ушул Нускамада
көрсөтүлгөн тартипти бузган автомобилдер менен мотоциклдердин айдоочу-
лары, ошондой эле ушул транспорт каражаттарын пайдалануу боюнча жооптуу
кызмат адамдары колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жазага тартылышат.
31. Мамлекеттик автоинспекция менен макулдашпай туруп уруксатсыз
орнотулган атайын үн (катуу сүйлөгүч радио түзүлүш) жана жарык сигнал-
дары бул тартип бузуучуларга карата Кыргыз Республикасынын колдонуудагы
мыйзамдарына ылайык административдик чара көрүлгөнгө чейин убактылуу
алып коюлат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 5-ноябрындагы № 610 "Атайын автомобилдер менен мотоциклдерге орнотулуучу атайын жарык жана үн сигналдарын, ошондой эле…Постановление · 05.11.1999 · № 610 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-апрелиндеги № 248 "Адистештирилген жана атайын транспорт каражаттарына түстүү графикалык схемаларды, айырмалоочу…Постановление · 13.04.2026 · № 248
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 5-ноябрындагы № 610 "Атайын автомобилдер менен мотоциклдерге орнотулуучу атайын жарык жана үн сигналдарын, ошондой эле…Постановление · 05.11.1999 · № 610 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.