# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 5-ноябрындагы № 610 "Атайын автомобилдер менен мотоциклдерге орнотулуучу атайын жарык жана үн сигналдарын, ошондой эле түстүү-графикалык схемаларды орнотуунун жана колдонуунун тартиби, ошондой эле айырмалоочу белгилердин, жазуулардын, атайын жана жарык сигналдардын нускамасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 5-ноябрындагы № 610 "Атайын автомобилдер менен мотоциклдерге орнотулуучу атайын жарык жана үн сигналдарын, ошондой эле түстүү-графикалык схемаларды орнотуунун жана колдонуунун тартиби, ошондой эле айырмалоочу белгилердин, жазуулардын, атайын жана жарык сигналдардын нускамасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 610
- Кабыл алынган күнү: 05.11.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/33896>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-3724/edition/304110/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/33896.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 5-ноябрындагы № 610 "Атайын автомобилдер менен мотоциклдерге орнотулуучу атайын жарык жана үн сигналдарын, ошондой эле түстүү-графикалык схемаларды орнотуунун жана колдонуунун тартиби, ошондой эле айырмалоочу белгилердин, жазуулардын, атайын жана жарык сигналдардын нускамасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу (13.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/33896

---

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-апрелиндеги № 248 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 22-декабры № 706

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын

5-ноябрындагы № 610 "Атайын автомобилдер менен

мотоциклдерге орнотулуучу атайын жарык жана үн

сигналдарын, ошондой эле түстүү-графикалык схемаларды

орнотуунун жана колдонуунун тартиби, ошондой эле

айырмалоочу белгилердин, жазуулардын, атайын жана жарык

сигналдардын нускамасын бекитүү жөнүндө" токтомуна

өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

(КР Өкмөтүнүн

2008-жылдын 22-декабрындагы № 706 токтомунун

редакциясына ылайык)

Банк чөйрөсүндөгү уюмдардын иштериндеги тоскоолдуктарды жоюу мак-

сатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 5-ноябрындагы №

610 "Атайын автомобилдер менен мотоциклдерге орнотулуучу атайын жарык

жана үн сигналдарын, ошондой эле түстүү-графикалык схемаларды орнотуу-

нун жана колдонуунун тартиби, ошондой эле айырмалоочу белгилердин, жа-

зуулардын, атайын жана жарык сигналдардын нускамасын бекитүү жөнүндө"

токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- токтомдун мамлекеттик тилдеги аталышы төмөнкүдөй редакцияда ба-

яндалсын: "Атайын арналыштагы автомобилдерге жана мотоциклдерге атайын

үн жана жарык сигналдарын орнотуунун жана колдонуунун тартиби жөнүндө

жобону, ошондой эле түстүү-графикалык схемаларга, айырмалоочу белгилер-

ге, жазууларга, атайын жана үн сигналдарга стандарттарды бекитүү

жөнүндө";

- аталган токтом менен бекитилген Атайын арналыштагы автомобилдер-

ге жана мотоциклдерге атайын үн жана жарык сигналдарын орнотуунун жана

колдонуунун тартиби жөнүндө жободо:

Жобонун аталышындагы "аларды" деген сөз алып салынсын;

- аталган токтом менен бекитилген Түстүү-графикалык схемаларга,

айырмалоочу белгилерге, жазууларга, атайын жана үн сигналдарга стан-

дарттарда:

1-таблицада:

- "Түшкөн акчаны инкассациялоо жана баалуу жүктөрдү ташуу" деген

позиция "Түшкөн акчаны инкассациялоо жана баалуу жүктөрдү ташуу(3)" де-

ген позицияга алмаштырылсын;

- "авариялык кызматтардын" деген сөздөрдөн кийинки "(3)" сноска ",

ошондой эле жасаган заводдо акча жана баалуу жүктөрдү ташуу үчүн арнал-

ган атайын инкассациялык машиналар" сөздөр менен толукталсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
