Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын областтык баш ийүүдөгү шаарларында жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун негиздери жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Президентинин ПУ №153 Указы менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 18 ноября 2002 года №318 "О признании утратившими силу некоторых решений Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2001-05-02.
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2001-жылдын 2-майындагы № 153
Указы менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын областтык баш ийүүдөгү шаарларында
жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун негиздери жөнүндө
ЖОБО
1. Негизги жоболор
Областтык баш ийүүдөгү шаарларда өз алдынча башкаруу деп шаардык
жергиликтүү жамаат өзү жоопкерчилигин алуу менен жана мыйзамдын
чегинде шаардын калкынын жыргалчылыгы үчүн шаардык маанидеги иштерди
башкаруу укугу жана чыныгы жөндөмү таанылат.
Шаардын жамааты өз алдынча башкарууну өз алдынча башкаруу
органдарынын системасы аркылуу, ошондой эле түздөн-түз –
референдумдар, жыйындар жана жарандардын жамааттын иштерине башка
формада катышуусу аркылуу жүзөгө ашырат.
2. Областтык баш ийүүдөгү шаарларда өз алдынча башкаруу
органдарынын системасы:
а) өкүлчүлүктүү органдардан – шаардык кењеш жана шаардык жамааттын
өкүлдөрүнүн элдик курултайынан (мындан ары – шаардык элдик курултай);
б) шаардык өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органы –
коллегиялуу органдан – аткаруу комитетинен (мындан ары – атком) жана
мэриянын аппаратынан турган, шаардык өз алдынча башкаруунун башчысы –
башкы кызмат адамы (мындан ары – шаардын мэри) болуп саналган шаардын
мэри башчылык кылган – мэриядан;
в) аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынан турат.
3. Шаардык өз алдынча башкаруу төмөнкү принциптерде жүргүзүлөт:
- шаар калкынын шаардык кењеш, элдик курултай жана референдум
аркылуу өз оюн билдиришинин;
- мыйзамдуулукту жана шаардын Уставынын талаптарын сактоонун;
- шаардык жамааттын коммуналдык менчикке ээлик кылуу, пайдалануу
жана тескөө укугунун;
- өзүн-өзү камсыз кылуу, өзүн-өзү финансылоо, өз алдынча жөнгө
салуу, өзүн-өзү тарбиялоонун;
- шаардык өз алдынча башкаруу органдарынын шаардык жамааттын
контролу астында болушу жана отчет беришинин;
- шаардык кењештин депутаттарынын жана шаардык курултайдын
делегаттарынын шайлануучулугунун;
- шаардык өз алдынча башкаруунун башчысынын – шаардын мэринин
Кыргыз Республикасынын Президенти сунуш кылган талапкерлердин арасынан
шаардык кењештин депутаттары тарабынан шайлануусунун;
- шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү жана
аткаруу органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө
биргелешип аракеттенүүсү, өз ара түшүнүүсү жана өз ара колдошуусунун;
- шаардык кењеш менен шаардык элдик курултайдын ортосунда, ошондой
эле шаардык өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруучу-
тескөөчү органдарынын ортосунда функциялардын жана ыйгарым укуктардын
бөлүштүрүлүшүнүн;
- жергиликтүү жана мамлекеттик кызыкчылыктардын айкалышуусунун;
- шаардык өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик
ыйгарым укуктарды жана функцияларды тапшыруунун;
- социалдык адилеттүүлүктүн;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишиндеги
маалымдуулуктун жана ачыктыктын;
- шаардык жамааттын шаардык кењештин жыйналышында,
референдумдарда, элдик курултайларда, жарандардын жыйындарында жана
чогулуштарында жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулоого эркин
катышуусунун.
II. Шаардык кењеш
4. Шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун жогорку шайлануучу
өкүлчүлүктүү органы болуп шаардык кењеш саналат. Шаардык кењештин
иштешинин жана анын депутаттарын шайлоонун тартиби Кыргыз
Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
5. Шаардык кењеш:
- шаардын бюджетин жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитет;
- аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнүн жана шаардын
калкын социалдык жактан коргоо планын жана программаларын бекитет,
алардын аткарылышына контролдук кылат.
- Кыргыз Республикасынын Президенти сунуш кылган талапкерлерден
шаардын мэрин шайлайт;
- шаардык өз алдынча башкаруунун аткомунун жеке курамын, ошондой
эле шаардын мэринин орун басарларын бекитет;
- депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен ашык добушу менен
шаардын мэрине ишеним көрсөтпөйт;
- республиканын мыйзамдарын ылайык шаардын чегинде жергиликтүү
салыктарды ажна жыйымдарды киргизет, жерди, башка жаратылыш
ресурстарын пайдалануунун тартибин жана шартын аныктайт;
- шаардын аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын
иштешинин аймагынын чек араларын белгилейт жана шаар башкармасында
аларды каттоого макулдук берет;
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана шаардын
Уставына карама-каршы келбеген башка чечимдерди кабыл алат.
6. Шаардык кенеш өз компетенциясынын чегинде менчигинин түрүнө
карабастан шаардын бардык уюмдары, мекемелери, чарба жүргүзүүчү
субъекттери, кызмат адамдары жана жарандары милдеттүү аткара турга
чечимдерди кабыл алат.
II. Аткаруу комитети
7. Аткаруу комитети (атком) шаардык өз алдынча башкаруунун
коллегиялуу аткаруучу-тескөөчү органы болуп саналат.
8. Атком өз функциясын мыйзамдардын, Кыргыз Республикасынын
Президентинин жана Өкмөттүн актыларынын, ошондой эле тийиштүү кењеш
жана курултай өз ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган алардын
чечимдеринин негизинде жана аларды аткаруу иретинде жүзөгө ашырат.
9. Аткомдун курамы шаардын мэри тарабынан 7-9 кишиден түзүлөт жана
тийиштүү кењештин жыйналышында бекитилет. Аткомдун курамына анын
жыйналышында төрагалык кылуучу мэрден тышкары шаардык кењештин
төрагасы, мэрдин орун басарлары, шаардын башкаруу органдарынын жана
кызматтарынын жетекчилери кириши мүмкүн.
10. Атком шаардын мэри, ал жүйөлүү себептер боюнча жок болгон
учурда анын орун басары тарабынан чакырылат жана зарылчылыгына
жараша, бирок айына кеминде бир жолу жыйналыш өткөрөт. Атком шаардык
кенештин жана мэрдин жеке компетенциясына таандык маселелерден тышкары
жергиликтүү жана мамлекеттик маанидеги бардык маселелерди кароого
укуктуу. Аткомдун жыйналышынын чечими анын мүчөлөрүнүн жөнөкөй
көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тењ чыгып калган учурда,
төраганын добушу чечүүчү деп эсептелет.
11. Ыйгарып берилген мамлекеттик укуктарды, мамлекеттик
программаларды жана тапшырмаларды аткарууда атком жогору турган
мамлекеттик бийлик органына, ал эми жергиликтүү маанидеги маселелер
боюнча - тийиштүү аймактын калкына жана кенешке отчет берет.
12. Атком мэриянын тийиштүү кызматтарынын, бөлүмдөрүнүн жана
башкармаларынын жетекчилери, ошондой эле мэриянын аппаратынын жооптуу
кызматкерлерин дайындоого макулдук берет, аппараттын кызмат
орундарынын санын жана эмгек акы фондун кийин шаардык кењеште бекитүү
менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен норманын чегинде
белгилейт.
Республиканын мыйзамдарына жана шаардын Уставына ылайык кабыл
алынган аткомдун чечими шаардын бүткүл аймагында милдеттүү түрдө
аткарылат:
13. Аткомдун карамагына таандык негизги маселелерге булар кирет:
- аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнүн жана калкты
социалдык жактан коргоо программасынын долбоорун, жергиликтүү бюджетти
иштеп чыгуу, аларды шаардык кенештин бекитүүсүнө сунуш кылуу жана
кењеш кабыл алган чечимдерди аткарууну уюштуруу;
- коммуналдык менчикти башкаруу, коммуналдык менчикте турган
шаардык жамааттын жашоо-турмушун камсыз кылуучу объекттерди күтүү жана
ремонттоо;
- зарыл болгон учурда коммуналдык менчиктеги объекттерди жана шаар
үчүн турмуштук зор мааниси бар башка объекттерди ремонттоо-калыбына
келтирүү үчүн шаардык жамааттын мүчөлөрүн ашарга чакыруу;
- шаардын санитардык абалына контролдук кылуу, аймакты санитардык
тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иш-чараларды уюштуруу;
- турак жай фондун түзүү жана өнүктүрүү;
- шаар куруунун башкы планын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу,
курулуш нормаларынын сакталышына контролдук кылуу;
- шаардык транспортту жана транспорттук коммуникацияларды
өнүктүрүү;
- инвестицияларды тартуу жана аларды максатка ылайык пайдалануу;
- саламаттыкты сактоонун, мектепке чейинки, мектеп жана кесиптик
билим берүүнүн материалдык-техникалык базасын мамлекеттик билим берүү
стандарттарына ылайык чыњдоо жана өнүктүрүү, калкты социалдык жактан
даректүү коргоо;
- дене тарбиясын, спорт жана туризмди өнүктүрүү, калктын эс
алуусун уюштуруу, маданий-массалык иш-чараларды өткөрүү;
- тарых жана маданият эстеликтерин коргоо боюнча иш-чараларды
өткөрүү;
- бюджеттен тышкаркы фонддорду түзүү, чыњдоо жана сарамжалдуу
пайдалануу;
- жањы жумуш орундарын түзүү боюнча иштерди жүргүзүү;
- шаар жерлерин сарамжалдуу пайдалануу;
- жоюлуп жаткан ишканаларды менчиктештирүүгө жана социалдык-
маданий, коммуналдык-турмуш-тиричилик жана чарбалык багыттагы
объекттерди, атайын техниканы жана шаардык жамааттын турмушун камсыз
кылуу үчүн зарыл болгон башка мүлктү тиешелүү органдар менен
макулдашуу боюнча баланска кабыл алууга катышуу;
- мыйзамдарга ылайык жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды
киргизүү боюнча сунуштарды шаардык кењешке киргизүү;
- гуманитардык жардамдын материалдык, акчалай жана башка түрлөрүн
бөлүштүрүүнү уюштуруу;
- мыйзамдардын нормаларын жана курчап турган чөйрөнү коргоо,
шаардын чегинде жерди жана башка жаратылыш ресурстарын пайдалануу
эрежелерин жөнгө салган шаардын Уставынын талаптарын сактоо боюнча
менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын, мекемелердин, ишканалардын,
башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишине контролдук кылуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана шаардын аймагында
коомдук тартипти сактоо боюнча шаардын Уставын сактоону камсыз кылуу,
коомдук тартипти сактоо боюнча ыктыярдуу коомдук түзүлүштөрдү жана
аксакалдар сотторун уюштуруу жана камсыз кылуу;
- коомдук пикирди сурап-билүүнү жүргүзүү;
- жаратылыш кырсыктарын, өзгөчө кырдаалдарды четтетүү,
кесепеттерди жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруу-практикалык
чараларды жүзөгө ашыруу;
- камкордук көрүүчүлөрдү жана көз салуучуларды дайындоо, алар өз
милдеттерин аткарышына контролдук кылуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым
укуктарды жүзөгө ашыруу.
IV. Шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун
башчысы – мэри
14. Шаардын мэри шаардын аймагында башкы кызмат адамы болуп
саналат, аткомго жана мэриянын аппаратына жетекчилик кылат,
мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдары, коомдук уюмдар, партиялар жана кыймылдар, ошондой эле эл
аралык уюмдар менен мамилелерде шаардын атынан иш алып барат.
15. Шаардын мэри шаардык өз алдынча башкаруунун башчысынын
функцияларын аткаруу менен бир эле учурда шаардык мамлекеттик
администрациянын башчысына берилген ыйгарым укуктарды да аткарат.
16. Шаардын мэри Кыргыз Республикасынын Президенти аныктаган
талапкерлердин ичинен шаардык кењештин депутаттары тарабынан 4 жылдык
мөөнөткө шайланат.
17. Шаардын мэри өзү шайланган күндөн тартып төрт айдан
кечиктирбестен аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жана
шаардын калкын социалдык жактан коргоонун 4 жылдык программасын иштеп
чыгат же жеткире иштеп чыгат, аны шаардык кењештин жактыруусу менен
жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн шаардык элдик курултайынын кароосуна
коет. Отчеттук жылдын ичинде бул программаны аткаруунун мөөнөтү жана
сапаты шаар башчысынын ишин баалоонун критерийи жана экинчи мөөнөткө
шайлоо үчүн анын талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Президентине
сунуш кылуу үчүн негиз болот.
Шаардын мэри аткаруу комитетинин атына жылына кеминде бир жолу
курултайда отчет берет.
18. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча шаардын мэри
– шаардык кењешке жана шаардык элдик курултайына, ал эми берилген
мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча областтык мамлекеттик администрация
башчысына жана башка жогору турган мамлекеттик бийлик органдарына
отчет берет.
19. Шаардын мэри шаарыдк кењештин бардык жыйналыштарына кењеш
берүү добуш укугу менен катышууга, шаарыдн карамагына кирген же
мамлекеттин таламдарын козгогон ар кандай маселелерди кењештин
кароосуна коюуга укуктуу.
Шаардык кењеш өзүнүн ыйгарым укуктарын жогорулаткан же колдонулуп
жаткан мыйзамдарга карама-каршы келген, ошондой эле улуттар аралык
ынтымакка, биримдикке жана Кыргыз Республикасынын бүтүндүгүнө коркунуч
келтирген чечимдерди кабыл алган учурда шаардын мэри мындай
маселелерди алып салуу жагынан кењештин кайталап кароосуна коет.
Эгерде кењеш макул болбосо жана мурда кабыл алган чечимди
депутаттардын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен бекемдесе, мэр
өзүнун макул эместиги жөнүндө жарыялайт жана бул жөнүндө тиешелүү
мамлекеттик бийлик органдарына, дээрлик Кыргыз Республикасынын
Президентине чейин билдирет жана ишти үч күндүк мөөнөттө тиешелүү сот
органына берет. Мэрдин макул эместиги билдирилген шаардык кењештин
чечими сот органынын чечимине чейин күчүнө кирбейт.
20. Шаардын мэри:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын,
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн актыларынын,
берилген ыйгарым укуктардын, ушул Жобонун, шаардын Уставынын, шаардык
референдумдун, шаардык курултайдын жана кењештин чечимдеринин
сакталышын жана аткарылышын уюштурат.
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын негизинде тиешелүү
аймактык органдардын жана мамлекеттик башкаруу кызматтарынын ишин
уюштурат жана контролдойт;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү маанидеги
маселелерди чечиши жагынан өз ыйгарым укуктарын толук көлөмдө
аткарышын камсыз кылат;
- мамлекеттик сырды түзгөн маселелер, ошондой эле аткомдун
компетенциясына кирбеген бардык башка маселелер боюнча жогору турган
мамлекеттик органдардын тапшырмаларын аткаруу үчүн буйруктарды
чыгарат;
- өз компетенциясынын чектеринде кабыл алган өз буйруктарынын
аткарылышын уюштурат жана контролдойт;
- жылдык бюджеттин долбоорун шаардык кењештин бекитүүсүнө сунуш
кылат, анын аткарылышы жөнүндө отчет жасайт;
- мэриянын аппаратынын структурасын жана кызмат орундарынын
тизмесин иштеп чыгат жана аны шаардык кењештин бекитүүсүнө сунуш
кылат;
- жарандарды кабыл алууну жана алардын даттанууларын, сын
пикирлерин жана сунуштарын карап чыгууну жүзөгө ашырат, кабыл алынган
чечимдер жөнүндө арыз ээлерине маалымдайт;
- Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамдарынын, ушул
Жобонун, шаардын Уставынын жана өзүнө берилген мамлекеттик ыйгарым
укуктардын чектеринде башка маселелерди чечет.
21. Шаардын мэри кызматтык милдеттерин ойдогудай аткарбагандыгы
үчүн шаардык кењештин депутаттарынын макулдугу менен Кыргыз
Республикасынын Президенти тарабынан ээлеген кызматынан бошотулушу
мүмкүн.
V. Шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын
мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара мамилелери
22. Шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын
мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара мамилелери мамлекеттик
бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу функцияларын так чектөөнүн
конституциялык принциптеринин, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын
мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн
актыларынын негизинде түзүлөт.
23. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык шаардын мэрине
айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар берилиши мүмкүн, алардын тизмесин
жана көлөмүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
24. Шаар жерлерин жана коммуналдык менчикти пайдаланууга
байланыштуу мамлекет менен мамилелер Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына ылайык түзүлөт.
25. Шаардык өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик бийлик
органдарынын ортосундагы талаштар өз ара макулдук боюнча түзүлүүчү
комиссиялардынаркасында же сотто чечилиши мүмкүн.
VI. Шаардык өз алдынча башкаруунун
финансы-экономикалык негизи
26. Шаардык өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин жаратылыш
ресурстары (жер, кен байлыктар, суу, жаныбарлар жана өсүмдүктөр
дүйнөсү), коммуналдык жана шаардын аймагында жайгашкан жана киреше
алуунун булагы болуп саналган башка менчик түзөт.
27. Шаардык өз алдынча башкаруунун финансылык негизин мыйзамдарга
ылайык шаардык жамаатка бекитилген, шаардык бюджетке келип түшкөн
киреше булактары, ошондой эле төмөнкүлөр түзөт:
- кредиттик ресурстар, дотациялар, субвенциялар;
- улуттук программаларды аткарууга байланыштуу республикалык
бюджеттен субсидиялар;
- чет мамлекеттердин, жеке банктардын жана башка уюмдардын
инвестициялары;
- менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын, ишканалардын жана
жарандардын ыктыярдуу взностору жана кайрымдуулуктары;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коммуналдык менчикти,
шаардык баалуу кагаздарды жана жергиликтүү заемдорду пайдалануудан
алынган кирешелер;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөргөн иш-чаралардан
алынган башка кирешелер.
VII. Коммуналдык менчикти тескөөгө жана финансы каражаттарын
чыгымдоого контролдук кылуу
28. Областтык баш ийүүдөгү шаарларда коммуналдык менчикти
башкарууну шаардык жамааттын атынан шаардын мэриясы жүзөгө ашырат.
29. Шаардын мэриясы финансы каражаттарын чыгымдоосунун
мыйзамдуулугуна жана максаттуу чыгымдоосуна, ошондой эле коммуналдык
менчикти башкарууда шаардык жамааттын таламдарынын сакталышына шаардык
кењеш контролдук кылат.
VII. Эл аралык байланыштар
30. Шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектерде эл аралык жана
тышкы экономикалык байланыштарды жүзөгө ашырууга укуктуу.
31. Имарат-жайларды арендалоо учурларын кошпогондо, жамааттын
коммуналдык менчигин пайдалануу, шаардык жерлерди бөлүү менен
байланышкан тышкы экономикалык келишимдер шаардык кењеш тарабынан
бекемделүүгө тийиш.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы "Кыргыз Республикасынын областтык баш ийүүдөгү шаарларында жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун негиздери…Указ · 02.05.2001 · № 153
- Указ Президента КР от 18 ноября 2002 года №318 "О признании утратившими силу некоторых решений Президента Кыргызской Республики"Указ · 18.11.2002 · № 318
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Постановление Правительства КР от 4 декабря 2001 года N 760 "О внесении изменений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики"Постановление · 04.12.2001 · № 760 · Күчүн жоготкон