# Постановление Правительства КР от 7 сентября 1999 года №486 "Об утверждении положений о государственной базовой программе реабилитации инвалидов и об индивидуальной программе реабилитации инвалидов"

- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 486
- Кабыл алынган күнү: 07.09.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.10.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/33745>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-3603/edition/749906/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/33745.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.10.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Постановление Правительства КР от 7 сентября 1999 года №486 "Об утверждении положений о государственной базовой программе реабилитации инвалидов и об индивидуальной программе реабилитации инвалидов" (24.10.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/33745

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-октябрындагы № 560 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү, 1999-жылдын 7-сентябры N 486 Майыптарды реабилитациялоонун мамлекеттик базалык программасы жөнүндө жана майыптарды реабилитациялоонун жекече программасы жөнүндө жоболорду бекитүү тууралу "Кыргыз Республикасында майыптарды социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 3-мартындагы токтомун турмушка ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөндө тиркелгендер бекитилсин:

- Майыптарды реабилитациялоонун мамлекеттик базалык программасы жөнүндө жобо;

- Майыптарды реабилитациялоонун жекече программасы жөнүндө жобо.

2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги Майыптарды реабилитациялоонун мамлекеттик базалык программасы жөнүндө жана Майыптарды реабилитациялоонун жекече программасы жөнүндө жоболордун ишке ашырылышын жана колдонулушун контролдукту камсыз кылсын.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

А.Муралиев
