Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Закон КР «О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики «О государственном пенсионном социальном страховании»
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2000-жылдын 19-январы № 29
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу
1-статья.
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-жыл, N 8, 392-ст.) төмөнкү толуктоо киргизилсин: 9-статьянын 6-пункту төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: "Ушул пунктта көрсөтүлгөн адамдардын пенсияга чыгуунун жалпы белгиленген курагына толгонго чейин мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгышына байланыштуу чыгымдар республикалык бюджеттен каржыланат.".
2-статья.
Ушул Мыйзам республикалык бюджеттен ушул Мыйзамдын 1 - статьясынын үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн чыгымдар каржылана баштаган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тиешелүү ченемдик укуктук актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарды киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев
1999-жылдын 21-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
Шилтеме берет (1)
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.