# КР Өкмөтүнγн 1999-жылдын 4-августундагы N 421 "Жолдо жүрүүнүн эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кыэмат адамдарынын жолдо жүрүүнүн коопсуздугун камсыздоодогу милдеттери боюнча Негизги жоболорду бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнγн 1999-жылдын 4-августундагы N 421 "Жолдо жүрүүнүн эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кыэмат адамдарынын жолдо жүрүүнүн коопсуздугун камсыздоодогу милдеттери боюнча Негизги жоболорду бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 421
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/33663>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-3540/edition/1242714/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/33663.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнγн 1999-жылдын 4-августундагы N 421 "Жолдо жүрүүнүн эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кыэмат адамдарынын жолдо жүрүүнүн коопсуздугун камсыздоодогу милдеттери боюнча Негизги жоболорду бекитүү тууралуу" токтому (26.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/33663

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 1999-жылдын 4-августу № 421 Жол кыймылынын эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболорду жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-декабрындагы № 833, 2019-жылдын 7-октябрындагы № 522, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-мартындагы № 165, 2023-жылдын 29-декабрындагы № 731, 2024-жылдын 26-декабрындагы № 806 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Жол кыймылынын эрежелери;

- Транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кызмат адамдарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодогу милдеттери боюнча Негизги жоболор.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 522 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Ушул токтом менен бекитилген Жол кыймылынын эрежелери жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболор жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттери төмөнкүдөй күчүнө кирүүчү аталган Эрежелердин 2.1.1-пунктчасынын алтынчы абзацынан тышкары, 1999-жылдын 1-сентябрынан тартып колдонууга киргизилет деп белгиленсин:

- башка мамлекеттерде катталган автотранспорт каражаттарынын ээлери жана (же) айдоочулары үчүн - 2023-жылдын 1-апрелинен тартып;

- юридикалык жактардын, анын ичинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчигинде же ээлигинде турган автотранспорт каражаттары үчүн -2023-жылдын 1-апрелинен тартып;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган автотранспорт каражаттарынын ээлери жана (же) айдоочулары үчүн - 2025-жылдын 1-июлунан тартып.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-мартындагы № 165 , 2023-жылдын 29-декабрындагы № 731, 2024-жылдын 26-декабрындагы № 806 токтомунун редакциясына ылайык)

3. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-декабрындагы № 833 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

А. Муралиев
