# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 23-июлундагы № 370 "Кыргыз Республикасынын "Айлана-чөйрөнү булгагандык (булгоочу заттарды чыгаргандык, калдыктарды сактоого койгондук) үчүн акынын ставкасы жөнүндө" Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 23-июлундагы № 370 "Кыргыз Республикасынын "Айлана-чөйрөнү булгагандык (булгоочу заттарды чыгаргандык, калдыктарды сактоого койгондук) үчүн акынын ставкасы жөнүндө" Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 370
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/33515>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-3455/edition/20678/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/33515.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 23-июлундагы № 370 "Кыргыз Республикасынын "Айлана-чөйрөнү булгагандык (булгоочу заттарды чыгаргандык, калдыктарды сактоого койгондук) үчүн акынын ставкасы жөнүндө" Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/33515

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2001-жылдын 23-июлу N 370

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын "Айлана-чөйрөнү булгагандык (булгоочу заттарды чыгаргандык, калдыктарды сактоого койгондук) үчүн акынын ставкасы жөнүндө" Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын "Айлана-чөйрөнү булгагандык (булгоочу

заттарды чыгаргандык, калдыктарды сактоого койгондук) үчүн акынын став- касы жөнүндө" Мыйзамынын долбооруна макулдук берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын "Айлана-чөйрөнү булгагандык (булгоочу

заттарды чыгаргандык, калдыктарды сактоого койгондук) үчүн акынын став- касы жөнүндө" Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар минист-

ринин биринчи орун басары Т.И.Кыштобаев аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталарында кароодо Кыргыз Респуб- ликасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр К.Бакиев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Айлана-чөйрөнү булгагандык (булгоочу заттарды чыгаргандык, калдыктарды сактоого койгондук) үчүн акынын ставкасы жөнүндө

1-статья.

Кыргыз Республикасынын "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Мыйзамынын 15-статьясына ылайык айлана-чөйрөнү булгагандык (булгоочу заттарды чы- гаргандык, калдыктарды сактоого койгондук) үчүн акынын ставкасы булгоо- чу заттардын келтирилген тоннасы үчүн 1,2 сом өлчөмүндө белгиленсин.

2-статья.

Айлана-чөйрөнү булгагандык (булгоочу заттарды чыгаргандык, калдык- тарды сактоого койгондук) үчүн акынын ставкасы айлана-чөйрөнү булгаган- дык үчүн акыларды эсептөөдө колдонулсун.

3-статья.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын бир айдын ичинде ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

4-статья.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
