# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 23-июлундагы № 367 "Мамлекеттик компьютердик тармакта мамлекеттик башкаруу органдарынын иштеринин Регламентин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 23-июлундагы № 367 "Мамлекеттик компьютердик тармакта мамлекеттик башкаруу органдарынын иштеринин Регламентин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 367
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/33512>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-3453/edition/479482/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/33512.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 23-июлундагы № 367 "Мамлекеттик компьютердик тармакта мамлекеттик башкаруу органдарынын иштеринин Регламентин бекитүү жөнүндө" токтому (29.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/33512

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2001-жылдын 23-июлу № 367 Мамлекеттик компьютердик тармакта мамлекеттик башкаруу органдарынын иштеринин Регламентин бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 575 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин "Мамлекеттик компьютердик тармакты түзүү жөнүндө" 2001-жылдын 3-майындагы Указына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мамлекеттик компьютердик тармакта мамлекеттик башкаруу органдарынын иштеринин тиркелген Регламенти (мындан ары - Регламент) бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, мамлекеттик комиссиялар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана башка аткаруу бийлик органдары Мамлекеттик компьютердик тармактагы иштердин абалы тууралуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине бир айлык мөөнөттө отчет беришсин.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы Мамлекеттик компьютердик тармактын иштешин техникалык жактан камсыз кылуу маселелеринде Регламентти аткарууга алышсын.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 575 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

Премьер-министри

К.Бакиев
