# КР Өкмөтүнүн 1999-жылдын 9-апрелиндеги № 206 "Кыргыз Республикасынын Юстиция уюмдарын өнүктүрүү жана материалдык колдоо фондун пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 1999-жылдын 9-апрелиндеги № 206 "Кыргыз Республикасынын Юстиция уюмдарын өнүктүрүү жана материалдык колдоо фондун пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 09.04.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.09.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/33309>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-3299/edition/515874/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/33309.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 1999-жылдын 9-апрелиндеги № 206 "Кыргыз Республикасынын Юстиция уюмдарын өнүктүрүү жана материалдык колдоо фондун пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (10.09.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/33309

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 1999-жылдын 9-апрели № 206 Кыргыз Республикасынын Юстиция уюмдарын өнүктүрүү жана материалдык колдоо фондун пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы № 506, 2014-жылдын 17-мартындагы № 136 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Юстиция уюмдарын өнүктүрүү жана колдоо фонду жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы № 506 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Күчүн жоготту деп эсептелишсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 20-майындагы "Кыргыз Республикасынын Юстиция уюмдарын өнүктүрүү жана колдоо Фонду жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" № 230 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 20-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 20-майындагы "Кыргыз Республикасынын Юстиция уюмдарын өнүктүрүү жана колдоо фонду жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" № 230 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" № 611 токтому.

Вице-премьер-министр

Б. Силаев
