Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын аэропортторунда, авиаишканаларында авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын Программасы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 17-февралындагы N 87 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын аэропортторунда, авиаишканаларында авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын Программасы
Кыргыз Республикасы Граждандык авиациянын Эл аралык уюмунун (мындан ары ИКАО) мүчөсү болуу менен, 1992-жылдын 18-декабрынан тартып Эл аралык нормалар, эрежелер жана стандарттар боюнча, анын ичинде Кыргыз Республикасы 1992-жылдын 18-декабарында ратификациялаган Граждандык авиациянын Эл аралык уюму жөнүндө 1944-жылдагы ИКАОнун Чикаго Конвенциясынын 17-Тиркемесинде баяндалган авиациялык коопсуздукка тийиштүү граждандык авиациянын иш аракетин жөнгө са ууну жүзөгө ашырууга милдеттемеси бар. Программа максаты республиканын граждандык авиациясынын иш-аракетин мыйзамсыз кийлигишүү актыларынан коргоо боюнча чаралардын системасын орнотуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Авиациялык коопсуздук боюнча ведомство аралык комиссиянын ишин уюштурууун жалпы принциптерин, анын милдеттери менен функциясын аныктоо болуп саналат. Программада төмөнкүлөр белгиленет:
| N | Долбоорлордун жана жүргүзүлүүчү иш чаралардын аты | Жооптуу аткаруучу | Аткаруу мөөнөтү |
|---|---|---|---|
| 1. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында авиациялык коопсуздук боюнча Ведомстволор аралык Комиссиянын туруктуу негизде уюштуруу жана иштеши үчүн Кыргыз Ррспубликасынын Улуттук коопсуздук министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, Коргоо министр- лигинин, Кыргыз Республикасынын Транспорт, коммуникациялар министрлигинин биринчи жетекчилеринин жолугушуусун өткөрүү, анын милдеттери төмөнкүлөр: - граждандык авиациянын ишине мыйзамсыз кийлигишүү актыларын токтотуу боюнча атайын чараларды жүзөгө ашыруу; - аба кемесин басып алуу менен же коомдук коопсуздукка жана граждан- дык авиациянын иштешине коркунуч келтирген чукул жагдайлар келип чыкканда күч структураларынын аракеттерин координациялоо; - чукул жагдайлардагы конкреттүү түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен Республиканын аэропортторунда авиа- циялык коопсуздукту камсыз кылуунун кошумча чараларын ишке киргизүү жагынан чечимдерди кабыл алуу; - административдик-аймактык принцип боюнча уюштурулган авиациялык кооп- суздук боюнча аэропорттук ведом- стволор аралык комиссияларга жетекчилик кылуу. | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги | 1999- жылдын биринчи жарымы |
| 2. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Авиация коопсуздугу боюнча ведомство аралык комиссия тарабынан аэпорттордун авиациялык коопсуздук коммуникациялар жарым кызматтарынын структуралык подразделениелеринин, милициянын чек ара аскерлеринин "Манас", "Ош" эл Кыргыз аралык аэропортторунда бажы Республикасынын контролунун өз ара аракети боюнча УКМ, ИИМ, оперативдүү-тактикалык иш- чаралардын перспективдүү пландарын иштеп чыгуу, анда төмөнкүлөр каралат: - бажы, чек ара контролу жана инспекциясы жүргүнчүлөрдү текшерүү, кол жүгүн, багажын, почтаны, жүктөрдү аба кемелеринин экипаж мүчөлөрүн текшерүүнүн бирдиктүү макулдашылган технологиясын түзүү; - Аба кемесинде, аэровокзалдар комплексинде же аэронавигация объектилеринде жардыргыч түзүлүш коюлгандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн өзгөчө учурларда иш-чаралар- дын бирдиктүү системасын макулдашуу; - курал колдонуп басып кирүү жана ба- рымтага алуу аракеттерин четтетүү. | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрилиги | 1999- жылдын биринчи жарым жылдыгы |
| 3. | Республиканын ар бир аэропорту үчүн авиациялык коопсуздук боюнча програм- малык иш чараларды иштеп чыгуу; граждандык авиацияга коркунуч келтир- ген чукул жагдайларды болтурбоонун же токтотуунун макулдашылган бирдиктүү планы боюнча аэропорттук кызматтардын иш аракетин, күч ведомстволорунун региондук структураларынын күчүн жана каражатын координациялоо. | Жергиликтүү акимдиктердин, күч структурала- рынын, аэропорт- тордун админис- трацияларынын жетекчилери | 1999- жылдын I- кварталы |
| 4. | Авиациялык транспортто укук тартибин бузгандыгы үчүн административдик жана кылмыш жоопкерчилигин белгилөөчү Кыргыз Республикасынын граждандык авиациясынын ишин жөнгө салуучу колдонуудагы нормативдик укуктук актыларды талдоону жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Аба кодексине, Кыргыз Республикасынын Административдик кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексине Граждандык авиация- сынын эл аралык уюмунун сунуштарына ылайык өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү боюнча Кыргыз Республикасыны Өкмөтүнө мыйзам долбоорлорун киргизүү | Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Юстмин | 1999- жылдын үчүнчү кварталы |
| 5. | Эл аралык стандартка ылайык келе тургандыгы жагынан авиациялык кооп- суздук боюнча иштеп жаткан персоналды жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү текшерүүнүн техникалык каражаттарын ревизиялоону жүргүзүү, алардын натый- жаларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Авиациялык кооп- суздук боюнча Ведомстволор аралык Ко- миссияга берүү. | Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, ДВТ жана ИВП | 1999- жылдын майы |
| 6. | Республиканын аэропортторун текшерүү- нүн техникалык каражаттары менен кам- сыз кылуу, авиациялык коопсуздук персоналын окутууну уюштуруу, чукул жагдайларда авиациялык коопсуздук боюнча ведомстволор аралык комиссия- лардын штабдарын жана байланыш түйүн- дөрүн жайгаштыруу үчүн тийиштүү жайды жабдуу. | Аэропорттордун, авиаишканаларынын жетекчилери | 1999- жылдын экинчи кварталы |
| 7. | Граждандык авиациянын ишине кийлиги- шүү актыларын токтотуу иш чараларына катышуучу бардык түзүлүштөрдүн опера- тивдик-тактикалык милдеттерин иштеп чыгуу боюнча атайын машыгууларды уюштуруу жана өткөрүү. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдын- дагы Ведомстволор аралык комиссия- сынын пландары боюнча | Туруктуу, жылына 1 жолу |
| 8. | Кыргыз Республикасынын аэропортторун- да авиаишканаларында Авиациялык коопсуздук боюнча иш-чаралардын Программасын Координациялоо үчүн КМШ- нын өлкөлөрүнүн Мамлекеттер аралык авиациялык комитетинин жана граждан- дык авиациянын эл аралык уюмунун авиациялык коопсуздук органдары менен туруктуу өз ара аракетин камсыз кылуу | Транспорт жана коммуникациялар министрилги, ДВТ жана ИВП | Туруктуу |
| 9. | Кыргыз Республикасында авиациялык коопсуздуктун абалын туруктуу конт- ролдоону жана талдоону жүргүзүү жана Транспорт жана коммуникация министр- лигине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы авиациялык коопсуздук боюнча Ведомстволор аралык Комиссиясына белгиленген тартипте маалымат берүү. | ДВТ жана ИВП | Туруктуу |
| 10. | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке адамдарга жана юридикалык жактарга чараларды көрүү менен аэропорттор менен авиакомпаниялардын иштешине мыйзамсыз кийлигишүү акты- ларынан Граждандык авиацияны коргоону камсыз кылуунун чараларынын абалына, туруктуу контролду жүзөгө ашыруу. | Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, ДВТ жана ИВП | Туруктуу |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 1999-жылдын 17-февралы N 87 "Жарандык авиациянын объекттеринде авиациялык коопсуздукту камсыздоо боюнча ченемдик актыларды бекитүү жөнүндө" ТоктомуПостановление · 17.02.1999 · № 87
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- КРКодекс · 15.04.1994 · № 1483 · Күчүн жоготкон