# Эл аралык гуманитардык укукту ишке ашыруу боюнча Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө Ж0Б0 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (1999-жылдын 28-январындагы № 51 токтому менен бекитилген)

- Толук аталышы: Эл аралык гуманитардык укукту ишке ашыруу боюнча Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө Ж0Б0 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (1999-жылдын 28-январындагы № 51 токтому менен бекитилген)
- Актынын түрү: Положение
- Кабыл алынган күнү: 28.01.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.06.2003
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/33120>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/46-1110/edition/533129/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/33120.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2003 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эл аралык гуманитардык укукту ишке ашыруу боюнча Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө Ж0Б0 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (1999-жылдын 28-январындагы № 51 токтому менен бекитилген) (18.06.2003 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/33120

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 18-июнундагы № 361 токтомуна ылайык күчүн жоготкон

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 28-январындагы № 51 токтому менен бекитилген

Эл аралык гуманитардык укукту ишке ашыруу боюнча Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө Ж0Б0

1. Эл аралык гуманитардык укукту ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия

(мындан ары - комиссия) Кыргыз Республикасынын Эл аралык гуманитардык укук (мындан ары

- ЗАГУ) жагындагы эл аралык укуктук милдеттенмелерин аткарууга байланышкан маселелерди

кароо максатында түзүлдү.

2. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ушул Жобону жетек-

чиликке алат.

3. Комиссиянын негизги милдеттери:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Кыргыз Республикасы мүчө болгон ЭАГУ жагын-

дагы конвенциялар менен келишимдердин жоболоруна ылайык келтирүүгө жараандашуу;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ЭАГУНУН нормаларына ылайык келүүсүн илик-

төө жана баалоо; Кыргыз Республикасынын ЭАГУ жагындагы эл аралык келишимдеринин, мыйзам актылары- нын долбоору боюнча консультативдик корутундуларды кароо жана даярдоо;

- мамлекеттик башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ЭАГУнун

нормаларын аткарууга багытталган иш-аракетин координациялоо;

- ЭАГУ жөнүндө билимдерди жайылтууга жана ЭАГУну өнүктүрүү жөнүндө маалымат жый-

ноого көмөктөшүү;

- комиссия тарабынан кабыл алынган чечимдерди аткарууну көзөмөлдөө;

- эл аралык кызыл крест Комитети (мындан ары - ЭАККК), ЭАГУ жагында иш жүргүзгөн

башка эл аралык уюмдар менен өз ара байланышты, маалымат алмашууну уюштуруу.

4. Комисииянын укуктары:

- Кыргыз Республикасынын ЭАГУ жагындагы эл аралык укуктарын ишке ашыруунун

негизги багыттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды аныкталган тар- типте киргизүү;

- мамлекеттик башкаруу органдарына алардын компетенцияларына ЭАГУнун нормаларын

колдонуу маселелери боюнча сунуштарды даярдоону тапшыруу;

- өзүнүн заседаниелеринде министрликтердин жана мамлекеттик башкаруунун башка

республикалык органдарынын кызмат адамдарын ЭАГУ нормаларын Кыргыз Республикасынын мыйзамларында ишке ашыруу маселеси боюнча угуу;

- Комиссиянын ишине башка кызыкдар органдардын кызматкерлерин аныкталган тартипте

тартуу;

- Кыргыз Республикасынын ЭАГУ жагындагы мыйзамдарынын жана башка нормативдик

укуктук актыларынын долбоорлорун экспертизалоо жана даярдоо үчүн жумушчу топторду, эксперттик комиссияларды түзүү;

- мамлекеттик башкаруу органдарынан комиссиянын компетенциясына кирген маселелер

боинча материалдарды алуу;

- Комиссиянын алдындагы максаттарга жетишүүгө зарыл башка иштерди жүргүзүү.

5. Комиссиянын ишине жетекчиликти төрага жүргүзөт.

Комиссиянын төрагасы:

- Комиссиянын заседаниелерин башкарат;

- Комиссиянын заседаниесинин күн тартибин белгилейт;

- башка мамлекеттердин ЭАГУ жагында иш жүргүзгөн тийиштүү органдары жана эл

аралык уюмдар менен болгон мамилелерде комиссиянын атынан чыгат;

- комиссиянын ишин жетектөө боюнча башка милдеттерди аткарат.

6. Комиссия өз ишин өзү бекиткен регламентке жана жыллык пландарга жараша жүр-

гүзөт. Комиссиянын заседаниелери зарылдыгына жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес бүткөрүлөт.

7. Комиссия чечимди заседаниеге комиссия мүчвлөрүнүн үчтөн зкисинен кем эмеси ка-

тышканда кабыл алууга укуктуу. Комиссиянын чечими катышып жаткан комиссия мүчөлөрүнүн добуштарынын жөнөкөй көп- чүлүгү менен кабыл алынат. Комиссиянын чечимдери тийиштүү органдарга комиссиянын заседаниесинин протоколунун көчүрмөсү түрүндө жиберилет.

8. Комиссияиын ишине кызыкдар органдардын, ЭАКККнмм жанз ЭАГУ жагында иш жүр-

гүзгөн башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кеңешүү добушу менен катыша алышат.

9. комиссиянын ишине зарыл болгон уюштуруу-методикалык жана техникалык камсыздоо-

ну Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жүргүзөт.
