Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Эл аралык гуманитардык укукту ишке ашыруу боюнча Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө Ж0Б0 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 18 июня 2003 года №361 "О реализации предложений по имплементации норм международного гуманитарного права в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2003-06-18.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 18-июнундагы № 361 токтомуна ылайык күчүн жоготкон
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 28-январындагы № 51 токтому менен бекитилген
Эл аралык гуманитардык укукту ишке ашыруу боюнча Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө Ж0Б0
1. Эл аралык гуманитардык укукту ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия
(мындан ары - комиссия) Кыргыз Республикасынын Эл аралык гуманитардык укук (мындан ары
- ЗАГУ) жагындагы эл аралык укуктук милдеттенмелерин аткарууга байланышкан маселелерди
кароо максатында түзүлдү.
2. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ушул Жобону жетек-
чиликке алат.
3. Комиссиянын негизги милдеттери:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Кыргыз Республикасы мүчө болгон ЭАГУ жагын-
дагы конвенциялар менен келишимдердин жоболоруна ылайык келтирүүгө жараандашуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ЭАГУНУН нормаларына ылайык келүүсүн илик-
төө жана баалоо; Кыргыз Республикасынын ЭАГУ жагындагы эл аралык келишимдеринин, мыйзам актылары- нын долбоору боюнча консультативдик корутундуларды кароо жана даярдоо;
- мамлекеттик башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ЭАГУнун
нормаларын аткарууга багытталган иш-аракетин координациялоо;
- ЭАГУ жөнүндө билимдерди жайылтууга жана ЭАГУну өнүктүрүү жөнүндө маалымат жый-
ноого көмөктөшүү;
- комиссия тарабынан кабыл алынган чечимдерди аткарууну көзөмөлдөө;
- эл аралык кызыл крест Комитети (мындан ары - ЭАККК), ЭАГУ жагында иш жүргүзгөн
башка эл аралык уюмдар менен өз ара байланышты, маалымат алмашууну уюштуруу.
4. Комисииянын укуктары:
- Кыргыз Республикасынын ЭАГУ жагындагы эл аралык укуктарын ишке ашыруунун
негизги багыттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды аныкталган тар- типте киргизүү;
- мамлекеттик башкаруу органдарына алардын компетенцияларына ЭАГУнун нормаларын
колдонуу маселелери боюнча сунуштарды даярдоону тапшыруу;
- өзүнүн заседаниелеринде министрликтердин жана мамлекеттик башкаруунун башка
республикалык органдарынын кызмат адамдарын ЭАГУ нормаларын Кыргыз Республикасынын мыйзамларында ишке ашыруу маселеси боюнча угуу;
- Комиссиянын ишине башка кызыкдар органдардын кызматкерлерин аныкталган тартипте
тартуу;
- Кыргыз Республикасынын ЭАГУ жагындагы мыйзамдарынын жана башка нормативдик
укуктук актыларынын долбоорлорун экспертизалоо жана даярдоо үчүн жумушчу топторду, эксперттик комиссияларды түзүү;
- мамлекеттик башкаруу органдарынан комиссиянын компетенциясына кирген маселелер
боинча материалдарды алуу;
- Комиссиянын алдындагы максаттарга жетишүүгө зарыл башка иштерди жүргүзүү.
5. Комиссиянын ишине жетекчиликти төрага жүргүзөт.
Комиссиянын төрагасы:
- Комиссиянын заседаниелерин башкарат;
- Комиссиянын заседаниесинин күн тартибин белгилейт;
- башка мамлекеттердин ЭАГУ жагында иш жүргүзгөн тийиштүү органдары жана эл
аралык уюмдар менен болгон мамилелерде комиссиянын атынан чыгат;
- комиссиянын ишин жетектөө боюнча башка милдеттерди аткарат.
6. Комиссия өз ишин өзү бекиткен регламентке жана жыллык пландарга жараша жүр-
гүзөт. Комиссиянын заседаниелери зарылдыгына жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес бүткөрүлөт.
7. Комиссия чечимди заседаниеге комиссия мүчвлөрүнүн үчтөн зкисинен кем эмеси ка-
тышканда кабыл алууга укуктуу. Комиссиянын чечими катышып жаткан комиссия мүчөлөрүнүн добуштарынын жөнөкөй көп- чүлүгү менен кабыл алынат. Комиссиянын чечимдери тийиштүү органдарга комиссиянын заседаниесинин протоколунун көчүрмөсү түрүндө жиберилет.
8. Комиссияиын ишине кызыкдар органдардын, ЭАКККнмм жанз ЭАГУ жагында иш жүр-
гүзгөн башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кеңешүү добушу менен катыша алышат.
9. комиссиянын ишине зарыл болгон уюштуруу-методикалык жана техникалык камсыздоо-
ну Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жүргүзөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Постановление Правительства КР от 18 июня 2003 года №361 "О реализации предложений по имплементации норм международного гуманитарного права в Кыргызской Республике"Постановление · 18.06.2003 · № 361 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 1999-жылдын 28-январындагы № 51 "Эл аралык гуманитардык укукту ишке ашыруу боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.01.1999 · № 51 · Күчүн жоготкон