# КР Өкмөтүнүн 1999-жылдын 28-январындагы № 51 "Эл аралык гуманитардык укукту ишке ашыруу боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 1999-жылдын 28-январындагы № 51 "Эл аралык гуманитардык укукту ишке ашыруу боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 51
- Кабыл алынган күнү: 28.01.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.06.2003
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/33119>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-3147/edition/533108/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/33119.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2003 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 1999-жылдын 28-январындагы № 51 "Эл аралык гуманитардык укукту ишке ашыруу боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө" токтому (18.06.2003 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/33119

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 18-июнундагы № 361 токтомуна ылайык күчүн жоготкон

1999-жылдын 28-январы № 51

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Эл аралык гуманитардык укукту ишке ашыруу боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-январындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында эл аралык гуманитардык укуктун нормаларын аткаруу боюнча сунуштарды жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Эл аралык укукту имплементациялоо боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Ведомстволор аралык комиссиянын курамын түзсүн. Ведомстволор аралык комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппа- ратынын,Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Кыргыз Республи- касынын Улуттук коопсуздук министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар жана граждандык коргонуу министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана маданият министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин, Кыргыз Респуб- ликасынын Социалдык фондунун жана Улуттук Жарым ай коомунун өкүлдөрү кирээри белгиленсин. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-январындагы № 23 токтомунун редак- циясына ылайык)

2. Тиркелгендер бекитилсин:

- эл аралык гуманитардык укукту ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө

Жобо;

- эл аралык гуманитардык укукту ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы.

Премьер-министр Ж.Ибраимов
