# Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 15-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана ардак грамотасы жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 15-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана ардак грамотасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.01.2000
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.07.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/322>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-308/edition/822822/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/322.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 15-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана ардак грамотасы жөнүндө" Мыйзамы (28.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/322

---

КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 157 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары 2000-жылдын 15-январы № 14

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ

Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана ардак грамотасы жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 30-майындагы № 44, 2005-жылдын 13-февралындагы № 26, 2006-жылдын 25-июлундагы № 125, 2007-жылдын 3ф1-июлундагы № 112, 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 161, 2008-жылдын 20-ноябрындагы № 246 2009-жылдын 23-январындагы № 18 2009-жылдын 20-ноябрындагы № 303 2011-жылдын 2-июлундагы № 73 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

1999-жылдын 23-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/322/st-1)

Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жарандарды эмгектеги жетиш- кендиктери, жогорку кесиптик чеберчилиги жана көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн сыйлоо максатында белгиленет.

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/322/st-2)

Кыргыз Республикасынын төмөнкү ардак наамдары белгиленсин: Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу; Кыргыз Республикасынын эл акыны; Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү; Кыргыз Республикасынын эл артисти; Кыргыз Республикасынын эл мугалими; Кыргыз Республикасынын эмгек сињирген мугалими; Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сињирген кызматкер; Кыргыз Республикасынын эмгек сињирген врачы; Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоосуна эмгек сињирген кызматкер; Кыргыз Республикасынын эмгек сињирген артисти; Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сињирген ишмер; Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сињирген ишмер; Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сињирген кызматкер; Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сињирген кызматкер; Кыргыз Республикасынын эмгек сињирген куруучусу; Кыргыз Республикасынын транспортуна эмгек сињирген кызматкер; Кыргыз Республикасынын байланышына эмгек сињирген кызматкер; Кыргыз Республикасынын геология кызматына эмгек сињирген кызматкер; Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө чөйрөсүнө эмгек сињирген кызматкер; Кыргыз Республикасынын эмгек сињирген юристи; Кыргыз Республикасынын эмгек сињирген экономисти; Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоосуна эмгек сињирген кызматкер; (КР 2009-жылдын 20-ноябрындагы № 303 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2009-жылдын 20-ноябрындагы № 303 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Кыргыз Республикасынын эмгек сињирген ойлоп табуучусу; Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортунун эмгек сиңирген кызматкери; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сињирген кыз- маткер; Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна эмгек сињирген кызматкер; Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куткаруучусу. (КР 2001-жылдын 30-майындагы № 44, 2005-жылдын 13-февралындагы № 26, 2006-жылдын 25-июлундагы № 125, 2007-жылдын 31-июлундагы № 112, 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 161, 2008-жылдын 20-ноябрындагы № 246 , 2009-жылдын 23-январындагы № 18 2009-жылдын 20-ноябрындагы № 303, 2011-жылдын 2-июлундагы № 73 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

### [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/322/st-3)

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы белгиленсин.

### [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/322/st-4)

Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун 1989-жылдын 30-январын- дагы Указы (Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ведомосттери, 1989-жыл, N 3, 15-ст.) күчүн жоготту деп табылсын.

### [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/322/st-5)

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев
