Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН ЧЕЧИМИ
Бишкек шаары
2003-жылдын 28-февралы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН
ЧЕЧИМИ
"Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы жөнүндө Кыргыз Республикасы
менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо
тууралуу" 10-апрель 1998-жылдагы жана "Кыргыз-кытай мамлекеттик чек
арасы жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын орто-
сундагы Кошумча Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" 25-май 2002-жыл-
дагы Мыйзамдарды Конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 3-статьясынын 1-пунктуна, 59-статьясынын 1-пунктуна
жана 65-статьясынын 6-пунктуна карама-каршы келет деп табуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депу-
таттары Б.Ж. Асанов, А. Абдимомунов, Б. Акунов, А.А. Бекназаров, Б.С.
Бекбоев, О.Д. Дүйшеев, И.И. Исаков, И.Д. Кадырбеков, А.К. Мадумаров,
А.М. Масалиев жана А.П. Проненколордун сунуштары боюнча
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту: Төрагасы Ч.Т. Баекова,
Төраганын орун басары А.А. Суталинов, судьялар - П.Н.Дрыжак, М.Т. Кайы-
пов, А.С. Кененсариев, Ж.Ж. Тогойбаев, К.Э. Эсеналиев жана К.Э. Эсенка-
новдордун курамында, соттук жыйнальштын катчысы А. Аширова, тараптар:
өздөрүнүн атынан жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйэам
чыгаруу жыйынынын депутаттары: Б.Ж. Асанов, А. Абдимомунов, Б. Акунов,
Б.С. Бекбоев, О.Д. Дүйшеев, А.К. Мадумаров, А.М. Масалиев жана А.П.
Проненколордун атынан 27-декабрь 2002-жылы нотариалдык күбөлөндүрүлгөн
ишеним каттын негизинде аракеттенишкен, Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары: Азимбек Анаркулович
Бекназаров, Исмаил Исакович Исаков жана Ишенбай Дюшенбиевич Кадырбеков-
дордун, 27-декабрь 2002-жылдагы ишеним каттын негизинде аракеттенишкен
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын
өкүлдөрү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйы-
нынын Төрагасы Абдыганы Эркебаевич Эркебаев жана депутат Зайнидин Кар-
пекович Курмановдордун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Эл
өкүлдөр жыйынын Төрагасы кол койгон 10-сентябрь 2002-жылдагы ишеним
каттын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
Эл өкүлдөр жыйынынын өкүлү, депутат Кыдыкбек Шайдинович Исаевдин, Кыр-
гыз Республикасынын Президенти кол койгон 17-сентябрь жана 29-декабрь
2002-жылдагы ишеним каттардын негизинде аракеттенишкен Кыргыз Республи-
касынын Президентинин өкүлдөрү: Кыргыз Республикасынын биринчи ви-
це-премьер министри, Юстиция министри Курманбек Эргешович Осмонов, Кыр-
гыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын юридикалык
бөлүмүнүн башчысы Анарбек Касымович Исмаилов, Кыргыз Республикасынын
Юстиция министринин биринчи орун басары Эркинбек Тобокелович Мамыров-
дордун, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кол койгон 7-август
2002-жылдагы ишеним каттардын негизинде аракеттенишкен Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү: Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри
- Аскар Чынгызович Айтматов, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
Аппаратынын регионалдык проблемалар бөлүмүнүн башчысы - Саламат Күлен-
бекович Аламановдордун катышуусу менен, Кыргыз Республикасынын Консти-
туциясынын 82-статьясын, "Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту
жөнүндө" Мыйзамдын 13-статьясын жана "Кыргыз Республикасынын конститу-
циялык сот өндүрүшү жөнүндө" Мыйзамдын 11-статьясын жетекчиликке алып,
ачык соттук жыйналышта "Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы жөнүндө Кыр-
гыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Макулдашуу-
ну ратификациялоо тууралуу" 10-апрель 1998-жылдагы жана "Кыргыз-кытай
мамлекеттик чек арасы жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Рес-
публикасынын ортосундагы Кошумча Макулдашууну ратификациялоо тууралуу"
25-май 2002-жылдагы Мыйзамдарды Конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз
Республикасынын Конституциясынын 3-статьясынын 1-пунктуна, 59-статьясы-
нын 1-пунктуна жана 65-статьясынын 6-пунктуна карама-каршы келет деп
табуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу
жыйынынын депутатары Б.Ж. Асанов, А. Абдимомунов, Б. Акунов, А.А. Бек-
назаров, Б.С. Бекбоев, О.Д. Дуйшеев, И.И. Исаков, И.Д. Кадырбеков, А.К.
Мадумаров, А.М. Масалиев жана А.П. Проненколордун сунуштарын карады.
Судья П.Н. Дрыжактын баяндамасын, Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары А.А. Бекназаров, И.И.
Исаков жана И.Д. Кадырбековдун Кыргыз Республикасынын Мыйзам чыгаруу
жыйынынын өкүлдөрү депутаттар А.Э. Эркебаев жана З.К. Курмановдун, Кыр-
гыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Эл өкүлдөр жыйынынын өкүлү - де-
путат К.Ш. Исаевдин, Кыргыз Республикасынын Президентинин өкүлдөрү К.Э.
Осмонов, А.К. Исмаилов жана Э.Т. Мамыровдун, Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн өкүлдөрү А.Ч. Айтматов жана С.К. Аламановдун сөздөрүн угуп,
иштин материалдарын изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституция-
лык соту
ТАПТЫ
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна 16-май 2002-жылы
"Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы жөнүндө Кыргыз Республикасы менен
Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо туура-
луу" 10-апрель 1998-жылдагы Мыйзамды Конституцияга ылайык эмес жана
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 3-статьясынын 1-пунктуна,
59-статьясынын 1-пунктуна жана 65-статьясынын 6-пунктуна карама-каршы
келет деп табуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мый-
зам чыгаруу жыйынынын депутаттары Б.Ж. Асанов, А. Абдимомунов, Б. Аку-
нов, А.А. Бекназаров, Б.С. Бекбоев, О.Д. Дуйшеев, И.И. Исаков, И.Д. Ка-
дырбеков, А.К. Мадумаров, А.М. Масалиев жана А.П. Проненконун сунушу
келип түшкөн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын
ошол эле депутаттарынан 10-июнь 2002-жылы "Кыргыз-кытай мамлекеттик чек
арасы жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын орто-
сундагы Кошумча Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" 25-май 2002-жыл-
дагы Мыйзамды Конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 3-статьясынын 1-пунктуна, 59-статьясынын 1-пунктуна
жана 65-статьясынын 6-пунктуна карама-каршы келет деп табуу жөнүндө
экинчи сунушу келип түшкөн.
"Кыргыз Республикасынын конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө" Мый-
замдын 22-статьясынын 5-бөлүгүнүн 7-пунктуна ылайык сунуштар ошол эле
жактардан келип жана дооматтары бири-бири менен байланыштуу болгондук-
тан, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьяларынын 20-де-
кабрь 2002-жылдагы аныктамасы менен алардын каралышы бир сот өндүрүшүнө
бириктирилген.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын
депутаттары талаптарын негиздөөгө төмөндөгү жүйөөлөрдү келтиришет. Кыр-
гыз Республикасынын Мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндөгү 15-декабрь
1990-жылдагы Декларациянын 9-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын
аймагын түзгөн чек ара кол тийгис жана анын макулдугусуз өзгөртүлүшү
мүмкүн эмес. Бул жобо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик көз каранды-
сыздыгы жөнүндө 31-август 1991-жылдагы Декларацияда чагылдырылган. Кы-
тай 1991-жылы Кыргызстанды мурда ээлеген аймак чегинде көз карандысыз
мамлекет деп тааныган жана эч кандай дооматтарын билдирген эмес. Кыргыз
Республикасынын 5-май 1993-жылдагы Конституциясынын 3-статьясы Кыргыз
Республикасынын азыркы чек ара алкагындагы бүт аймагы кол тийгис жана
бөлүнгүс экендигин бекемдеген.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны та-
рабынан 26-декабрь 1997-жылы бир окуу менен, депутаттардын жалпы саны-
нын көпчүлүк добушу менен "Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы жөнүндө
Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Макулда-
шууну ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы кабыл алынган, Эл өкүлдөр жыйыны
тарабынан 17-март 1998-жылы жактырылган жана Кыргыз Республикасынын
Президенти тарабынан 10-апрель 1998-жылы кол коюлган, Кыргыз Республи-
касынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан 10-май
2002-жылы "Кыргыз-Кытай мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү Кыргыз Респуб-
ликасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Кошумча Макулдашууну
ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ошондой эле бир
окуу менен жана жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынган, 17-май
2002-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Эл өкүлдөр жыйыны
тарабынан жактырылган жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан
25-май 2002-жылы кол коюлган.
Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттар тобу өздөрүнүн сунушунда Кыр-
гыз Республикасынын Президенти кол койгон макулдашуулар менен иш
жүзүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик азыркы чек арасы Кытайдын
пайдасына өзгөрүлгөндүгүн жазышат. Кыргыз Республикасынын Конституция-
сынын 59-статьясынын 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын чек ара-
сын өзгөртүү жөнүндөгү мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин эки палатасында, ар бир палатанын депутаттарынын жалпы санынын ке-
минде үчтөн экиден ашыгынын добушу менен кабыл алынат. Кыргыз Республи-
касынын Конституциясынын 65-статьясынын 6-пункту чек араны өзгөртүү
жөнүндөгү мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ар бир па-
латасындагы депутаттардын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси жактап до-
буш берсе, алар кеминде эки жолу окуудан кийин кабыл алынды деп эсепте-
лэзрин белгилейт. Ушуга байланыштуу, депутаттар көрсөтүлгөн мыйзамдарды
Конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын
3-статьясынын 1-пунктуна, 59-статьясынын 1-пунктуна жана 65-статьясынын
6-пунктуна карама-каршы келет деп табууну сурашат.
Соттук жыйналышта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам
чыгаруу жыйынынын депутаттары А.А. Бекназаров, И.И. Исаков жана И.Д.
Кадырбеков өздөрүнүн талаптарын колдоп, аталган Мыйзамдар Кыргыз Рес-
публикасынын Конституциясында каралган процедураларды бузуу менен кабыл
алынган деп эсептешип, сунуштарын канааттандырууну сурашат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын
өкүлдөрү-депутаттар А. Эркебаев жана З.К. Курманов көрсөтүлгөн Мыйзам-
дар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 59-статьясынын 2-пунктунда
жана 65-статьясынын 5-пунктунда каралган процедураларды сактоо менен
кабьш алынган деп эсептешип, сунуштарды канааттандыруусуз калтырууну
сурашат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Эл өкүлдөр жыйынын өкүлү
депутат Исаев К.Ш. Кыргыз Республикасынын Мыйзам чыгаруу жыйынын
өкүлдөрүн колдоп, сунуштарда көрсөтүлгөн жүйөөлөргө макул эместигин
билдирип, аларды канааттандыруусуз калтырууну сурайт.
Кыргыз Республикасынын Президентинин өкүлдөрү К.Э. Осмонов, А.К.
Исмаилов жана Э.Т. Мамыров депутаттар тобунун сунуштарын негизсиз деп
эсептешет жана аларды канааттандыруусуз калтырууну сурашат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү А.Ч. Айтматов менен С.К.
Аламанов дагы сунуштарды негизсиз деп эсептешет жана депутаттардын та-
лаптарын канааттандырбоону сурашат.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тараптардын жүйөөлөрүн
талкуулап жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасы-
нын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарынын сунуштары
төмөндөгү негиздер боюнча канааттандырылууга жатпайт деп эсептейт.
Тараптар берген материалдарга караганда, Кыргыз Республикасынын
Президенти "Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы жөнүндө Кыргыз Республи-
касы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Макулдашууну ратифика-
циялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Рес-
публикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынына жана Эл өкүлдөр
жыйынына 9-июль 1997-жылы жиберген.
Бул мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу
жыйыны тарабынан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгү менен 26-декабрь
1997-жылы кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Эл
өкүлдөр жыйыны тарабынан 17-март 1998-жылы жактырылган жана Кыргыз Рес-
публикасынын Президенти тарабынан 10-апрель 1998-жылы кол коюлган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынына "Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы
жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы
Кошумча Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбоорун 3-май 2002-жылы жиберген, ал 10-май 2002-жылы Мый-
зам чыгаруу жыйынынын депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу ме-
нен кабыл алынган, Жогорку Кењештин Эл өкүлдөр жыйыны тарабынан 17-май
2002-жылы жактырылган жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан
25-май 2002-жылы кол коюлган.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Мыйзам чыгаруу жыйынынын жа-
на Эл өкүлдөр жыйынынын ыйгарым укуктарынын чегин бөлүп, алардын жекече
жана окшош ыйгарым укуктарын чектеп, Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин мыйзам чыгаруу ишин аларды Конституциянын өзүндө өзгөчө тар-
тип аркылуу ишке ашыруусун аныктаган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин эки палатасына, Кыргыз
Республикасынын Мыйзам чыгаруу жыйынына - Кыргыз Республикасынын Конс-
титуциясынын 58-статьясынын 1-пунктунун 4-пунктчасы менен, ал эми Эл
өкүлдөр жыйынына ошол эле статьянын 2-пунктунун 5-пунктчасы менен Кыр-
гыз Республикасынын чек арасын өзгөртүү боюнча өзгөчө маанилүү ыйгарым
укуктары берилген, аларды Кыргыз Республикасынын чек арасын өзгөртүү
жөнүндө мыйзамдар Жогорку Кењештин эки палатасы тарабынан кабыл алынат
жана ар бир палатасындагы депутаттардын жалпы санынын кеминде үчтөн
экиси жактан добуш берсе, алар кеминде эки жолу окулгандан кийин кабыл
алынаарын караган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 59-статьясы-
нын 1-пунктунун жана 65-статьясынын 6-пунктунун талаптарын так сактоо
менен гана ишке ашырууга укуктуу.
Эки палатанын жогоруда аталган окшош ыйгарым укуктарынан айырмала-
нып, эл аралык келишимдерди ратификациялоо жана денонсациялоо Кыргыз
Республикасынын Конституциясынын 58-статьясынын 1-пунктунун 9-пунктча-
сына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жы-
йынынын ыйгарым укугуна берилген, ал эми бул ыйгарым укуктарды ишке
ашыруу мындай мыйзамды Мыйзам чыгаруу жыйыны кабыл алып, кийин Эл
өкүлдөр жыйыны тарабынан жактырылыл жана эгер алар бул палатанын депу-
таттарынын жалпы санынын жарымынан көбүнүн добушун алса жактырылды деп
эсептелерин белгилеген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын
59-статьясынын 2-пунктунун жана 65-статьясынын 5-пунктунун талаптарын
сактоо менен жүзөгө ашырылат.
Соттук жыйналышта аныкталгандай "Кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара-
сы жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосун-
дагы Макулдашууну ратификациялоо тууралуу жана "Кыргыз-Кытай мамлекет-
тик чек арасы жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасы-
нын ортосундагы Кошумча Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Мыйзам-
дардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине Кыргыз -
Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык-мыйзам чыгарууга
демилге укугу бар конституциялык укуктун субъектилери - Кыргыз Респуб-
ликасынын Президенти жана Өкмөтү тарабынан киргизилген.
Мыйзамдардын аталышына алардын мазмунунун ылайык келээри күмөн ту-
удурбайт жана аларды чек араны өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам деп чечмелөөгө
негиз жок.
Аталган эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзамдар-
ды кабыл алуу тууралуу маселени чечүүдө Жогорку Кењештин Мыйзам чыгаруу
жыйынынын жана Эл өкүлдөр жыйынынын аракеттери Жогорку Кењештин ар бир
палатасына Кыргыз Республикасынын Конституциясы берген конституциялык
ыйгарым укуктарынын чегинде болгондугун, Конституциялык сот аныктады.
Депутаттар Б.Ж. Асанов, А. Абдимомунов, Б. Акунов, А.А. Бекназа-
ров, Б.С. Бекбоев, О.Д. Дүйшеев, И.И. Исаков, И.Д. Кадырбеков, А.К. Ма-
думаров, А.М. Масалиев жана А.П. Проненколордун Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-статьясынын 6-пункту белгилеген Кыргыз Республика-
сынын чек арасын өзгөртүү жөнүндөгү мыйзамдарды кабыл алуудагы тартип-
тердин бузулгандыгын аныктоону талап кылган дооматтары орунсуз, себеби
алар "Кыргыз-Кытай мамлекеттик чек арасы жөнүндө Кыргыз Республикасы
менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо
тууралуу 10-апрель 1998-жылдагы жана "Кыргыз-Кытай мамлекеттик чек ара-
сы жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосун-
дагы Кошумча Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" 25-май 2002-жылдагы
Мыйзамдарды талкуулоо жана кабыл алуу тартибине колдонулушу мүмкүн
эмес, анткени алардын демилгечилери - Кыргыз Республикасынын Президенти
жана Өкмөтү тарабынан Жогорку Кењештин палаталарына чек араны өзгөртүү
жөнүндөгү маселе коюлган эмес жана тараптардын берген материалдарына
караганда, мындай демилгени мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте эч ким
көтөргөн эмес.
Жогорудагылардын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Конституци-
ясынын 82-статьясынын 3-пунктун 1-пунктчасын, "Кыргыз Республикасынын
Конституциялык соту жөнүндө" Мыйзамдын 13 жана 14-статьяларын, "Кыргыз
Республикасынын конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө" Мыйзамдын 10, 11,
13, 14, 24, 25, 29 жана 30-статьяларын жетекчиликке алып, Кыргыз Рес-
публикасынын Конституциялык соту
ЧЕЧТИ:
1. "Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы жөнүндө Кыргыз Республикасы
менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо
тууралуу" 10-апрель 1998-жылдагы жана "Кыргыз-кытай мамлекеттик чек
арасы жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын орто-
сундагы Кошумча Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" 25-май 2002-жыл-
дагы Мыйзамдарды Конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 3-статьясынын 1-пунктуна, 59-статьясынын 1-пунктуна
(Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-май 1993-жылдагы редакция-
сында) жана 65-статьясынын 6-пунктуна карама-каршы келет деп табуу
жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны-
нын депутаттары Б.Ж. Асанов, А. Абдимомунов, Б. Акунов, А.А. Бекназа-
ров, Б.С. Бекбоев, О.Д. Дүйшеев, И.И. Исаков, И.Д. Кадырбеков, А.К. Ма-
думаров, А.М. Масалиев жана А.П. Проненколордун сунуштары канааттанды-
рылуусуз калтырылсын.
2. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт. Бардык мамлекеттик органдар,
кызмат адамдары жана граждандар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга
тийиш.
3. Чечим "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору-
на", "Кыргыз Туусу", "Слово Кыргызстана" жана "Эркин Тоо" гезиттерине
жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын
Конституциялык сотунун
Төрагасы Ч.Т. Баекова
Кыргыэ Республикасынын
Конституциялык сотунун
Секретары А.С. Кененсариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот өндүрүшү жөнүндөЗакон · 18.12.1993 · № 1337-XII · Күчүн жоготкон
- О Конституционном суде Кыргызской РеспубликиЗакон · 18.12.1993 · № 1335-XII · Күчүн жоготкон