# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/320042)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 19-мартындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 19.03.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.03.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/320042/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5231/edition/625825/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/320042/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.03.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө, 1-берене (19.03.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/320042/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:

1. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 387-1-статья менен толукталсын:

"387-1-статья. Дипломатиялык жана кызматтык паспортторду берүү, пайдалануу жана кайтарып берүү эрежелерин бузуу Дипломатиялык жана кызматтык паспортторду берүү, пайдалануу жана кайтарып берүү эрежелерин бузуу - кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, жарандарга - он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза-чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, - кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө, жарандарга - жыйырма өлчөмүндө айып салууга алып келет.".

2. 390-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "ондон жыйырма өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "жүз өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 508-статьянын 1-бөлүгү "382," деген цифралардан кийин "387-1," деген цифралар менен толукталсын.

4. 556-1-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасынын экинчи абзацы "82-1," деген цифралардан кийин "387-1," деген цифралар менен толукталсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/320042/st-2)
