Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Конституциялык сотунун (Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 73-беренесинин 4-бөлүгүн жекече даттанууну кароонун жыйынтыктары боюнча чыгарылган аныктама даттанууга жатпайт деп көрсөтүлгөн бөлүгүндө Конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 13-беренесинин 3-пунктуна, 21-беренесинин 5 жана 6-пункттарына, 86-беренесинин 3-пунктуна жана 88-беренесинин 3-пунктуна карама-каршы келет деп табуу жөнүндө жарандар Исаков Исмаил Исаковичтин жана Каптагаев Эмилбек Саламатовичтин өтүнүчтөрү боюнча) чечими
Бишкек шаары
2009-жылдын 23-июну
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН ЧЕЧИМИ
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 73-беренесинин
4-бөлүгүн жекече даттанууну кароонун жыйынтыктары боюнча чыгарылган
аныктама даттанууга жатпайт деп көрсөтүлгөн бөлүгүндө Конституцияга
ылайык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 13-беренеси-
нин 3-пунктуна, 21-беренесинин 5 жана 6-пункттарына, 86-беренесинин
3-пунктуна жана 88-беренесинин 3-пунктуна карама-каршы келет деп табуу
жөнүндө жарандар Исаков Исмаил Исаковичтин жана Каптагаев Эмилбек Са-
ламатовичтин өтүнүчтөрү боюнча
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту: Төрагасы С.К.Сыдыкова,
Төраганын орунбасары А.А.Суталинов, судьялар - А.А.Абдугапаров, С.Н.Де-
мин, Ч.Ж.Курбанова, Ө.Ж.Мамыров, Ч.А.Мусабекова жана К.Э.Эсенкановдор-
дун курамында,
соттук жыйналыштын катчысы А.А.Мамбеткадыровдун, тараптар: жаран
Исаков Исмаил Исаковичтин, 2009-жылдын 24-апрелиндеги ишеним каттын не-
гизинде аракеттенген жаран Каптагаев Эмилбек Саламатовичтин өкүлү -
Чолпонбаев Мукар Шалтаковичтин, 2009-жылдын 27-апрелиндеги жана 22-ма-
йындагы ишеним каттардын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешинин өкүлү Жусупов Медер Кенешовичтин катышуулары менен,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесин, "Кыргыз Республи-
касынын Конституциялык соту жөнүндө" Мыйзамдын 13-беренесин жана "Кыр-
гыз Республикасынын конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө" Мыйзамдын
11-беренесин жетекчиликке алып, ачык соттук жыйналышта Кыргыз Республи-
касынын Жазык-процесстик кодексинин 73-беренесинин 4-бөлүгүн жекече
даттанууну кароонун жыйынтыктары боюнча чыгарылган аныктама даттанууга
жатпайт деп көрсөтүлгөн бөлүгүндө Конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз
Республикасынын Конституциясынын 13-беренесинин 3-пунктуна, 21-берене-
синин 5 жана 6-пункттарына, 86-берененин 3-пунктуна жана 88-беренесинин
3-пунктуна карама-каршы келет деп табуу жөнүндө жарандар И.И.Исаковдун
жана Э.С.Каптагаевдин өтүнүчтөрүн карады.
Судья Ч.Ж.Курбанованын баяндамасын, жаран И.И.Исаковдун, жаран
Э.С.Каптагаевдин өкүлү - М.Ш. Чолпонбаевдин жана Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешинин өкүлү М.К.Жусуповдун сөздөрүн угуп жана иштин матери-
алдарын изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тап-
ты:
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна 2009-жылдын 20-апре-
линде жана 27-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодек-
синин 73-беренесинин 4-бөлүгүн жекече даттанууну кароонун жыйынтыктары
боюнча чыгарылган аныктама даттанууга жатпайт деп көрсөтүлгөн бөлүгүндө
Конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын
13-беренесинин 3-пунктуна, 21-беренесинин 5 жана 6-пункттарына, 86-бе-
ренесинин 3-пунктуна жана 88-беренесинин 3-пунктуна карама-каршы келет
деп табуу жөнүндө жаран И.И.Исаковдун өтүнүчү келип түшкөн.
2009-жылдын 13-майында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик ко-
дексинин 73-беренесинин 4-бөлүгүнүн "Жекече даттанууну кароонун жыйын-
тыктары боюнча чыгарылган аныктама даттанууга жатпайт" деген ченемин
Конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын
13-беренесинин 3-пунктуна, 21-беренесинин 5 жана 6-пункттарына 86-бере-
несинин 3-пунктуна жана 88-беренесинин 3-пунктуна карама-каршы келет
деп табуу жөнүндө жаран Э.С.Каптагаевдин өтүнүчү келип түшкөн.
Жогоруда көрсөтүлгөн өтүнүчтөр бирдей талаптарды камтыгандыктан
жана өз ара байланыштуу болгондуктан судьянын 2009-жылдын 22-майындагы
аныктамасы менен бир конституциялык сот өндүрүшүнө бириктирилген.
Талаптарды негиздөөгө төмөндөгүдөй жүйөөлөр келтирилет. Бишкек
гарнизондук Аскер сотунун 2009-жылдын 28-мартындагы токтому менен жаран
И.И.Исаковдун жактоочулары А.А.Бекназаровдун жана М.Ш.Чолпонбаевдин
судьядан баш тартуу арызы четке кагылган. Кыргыз Республикасынын Аскер
сотунун кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясынын 2009-жылдын 13-апре-
линдеги аныктамасы менен Бишкек гарнизонунун Аскер сотунун токтому
өзгөртүүсүз калтырылган. Каракол шаардык сотунун 2009-жылдын 16-апре-
линдеги токтому менен жаран Э.С.Каптагаевдин адвокаты М.Ш.Чолпонбаевдин
иш боюнча төрагалык кылуучудан баш тартуу өтүнүчү четке кагылып, ал
Ысык-Көл облустук сотунун кылмыш иштер жана административдик укук бузуу
иштери боюнча соттук коллегиясынын 2009-жылдын 7-майындагы аныктамасы
менен күчүндө калтырылган. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик ко-
дексинин 73-беренесинин 4-пунктунда жекече даттанууну кароонун жыйын-
тыктары боюнча чыгарылган аныктама даттанууга жатпайт деп белгиленген.
Бул ченем, бардык адамдар мыйзам жана сот алдында бирдейлигин, мыйзам-
дар бардык жарандарга бирдей колдонулууга жана сот аркылуу корголуусуна
кепилдигин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 13-беренесинин
3-пунктунда, 21-беренесинин 5 жана 6-пункттарында, 86-беренесинин
3-пунктунда жана 88-беренесинин 3-пунктунда караган конституциялык
укуктарын бузат деп эсептейт.
Соттук жыйналышта жаран И.И.Исаков жана жаран Э.С.Каптагаевдин
өкүлү - М.Ш.Чолпонбаев өтүнүчтөрдүн талаптарын колдошту жана аларды ка-
нааттандырууну сурашты.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин өкүлү М.К.Жусупов
өтүнүчтөрдүн жүйөөлөрү менен макул болду.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тараптардын жүйөөлөрүн
талкуулап жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, жарандар И.И.Исаков-
дун жана Э.С.Каптагаевдин өтүнүчтөрү төмөнкү негиздер боюнча канааттан-
дырылууга жатат деп эсептейт.
Берилген материалдарга караганда, жарандар И.И.Исаков жана Э.С.
Каптагаев Кыргыз Республикасынын Жазык процесстик кодексинин 339-бере-
несине ылайык судьялардан баш тартуу өтүнүчтөрүн канааттандыруусуз кал-
тыруу жөнүндөгү судьялардын токтомдоруна даттанышкан. Кыргыз Республи-
касынын Аскер сотунун кылмыш иштер боюнча соттук коллегиясынын
2009-жылдын 13-апрелиндеги жана Ысык-Көл облустук сотунун кылмыш иштери
жана административдик укук бузуу иштери боюнча соттук коллегиясынын
2009-жылдын 7-майындагы аныктамалары менен даттанылган токтомдор
өзгөртүүсүз калтырылган. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодек-
синин 73-беренесинин 4-пунктунун ченемине ылайык жекече даттанууну ка-
роонун жыйынтыктары боюнча чыгарылган аныктама даттанууга жатпагандыгы-
на байланыштуу кайрылган тараптар үчүн көрсөтүлгөн соттук аныктамаларга
даттануу мүмкүнчүлүгү болбогондуктан, алар ушул талап менен кайрылыш-
кан.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 15-беренесинин 4-пунктуна
жана 21-беренесинин 5-пунктуна ылайык ар бир адамга анын эркиндигин жа-
на укуктарын соттук коргоого кепилдик берилген жана кандай гана жагдай-
ларда болбосун, мындай соттук коргоодон баш тартууга жол берилбейт. Ан-
дан тышкары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 86-беренесинин
1-пунктуна ылайык, жергиликтүү соттордун ишине алардын актыларын кайра
кароо формасында көзөмөлдүк жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку
сотуна сот процессинин катышуучуларына кайрылуу укугу кепилденген. Та-
лашка коюлган Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 73-бе-
ренесинин 4-бөлүгүнүн жоболору жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык та-
лаптарга жооп бербейт. Судьядан баш тартуу маселеси боюнча токтомдун
мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүүнүн мыйзам тарабынан мындай
белгилениши апелляциялык инстанциянын чыгарылган аныктамасы менен чек-
телип, аны өзүнчө, ошондой эле өкүмдү чыгаруудан кийин көзөмөл иретинде
текшерүү мүмкүнчүлүгү четке кагылган.
Мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси-
нин 339-беренесинин 2-бөлүгүндө апелляция эрежеси боюнча даттанууга
жатпаган, анын ичинде процесстин катышуучуларынын өтүнүчтөрүнө тиешелүү
ортодогу токтомдорду тизмелеген. Ошону менен бирге, Кыргыз Республика-
сынын Жазык-процесстик кодексинин 73-беренесинин 4-бөлүгүндө Кыргыз
Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 339-беренесинин эрежеси бо-
юнча судьядан баш тартуу жөнүндөгү токтомуна өзүнчө даттанууну жана
ушул эле даттануу боюнча арыздануунун андан ары мүмкүн эместигин белги-
леп мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин
339-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн ортодогу токтомдордун тизмеси-
нен чыгарып салган. Муну менен чыгарылган өкүмдүн же иш боюнча башка
жыйынтык чечимдин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү менен бир-
ге аны соттук текшерүү мүмкүнчүлүгү алынып ташталган. Биринчи инстанци-
ядагы соттук сот адилеттигин көз карандысыз ишке ашыруусун камсыз кылуу
максатында соттук териштирүүнүн жүрүшүндө чыгарылган судьянын ортодогу
чечимдеринин, алардын катарына кирген судьянын андан баш тартуу
жөнүндөгү токтомунун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү соттун
жогорку инстанциялары тарабынан иш боюнча судья чыгарган өкүмдүн же
башка жыйынтыктоочу чечимдин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү
менен бир мезгилде ишке ашырууга болот.
Мындай жагдайларда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 73-беренесинин
4-бөлүгүн жекече даттанууну кароонун жыйынтыктары боюнча чыгарылган
аныктама даттанууга жатпайт деп көрсөтүлгөн бөлүгүндө Кыргыз Республи-
касынын Конституциясынын 15-беренесинин 4-пунктунда жана 21-беренесинин
5-пунктунда кепилденген жарандардын, анын ичинде жарандар И.И.Исаков
жана Э.С.Каптагаевдин соттук коргоого болгон укугун чектейт.
Жогорудагылардын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Конституци-
ясынын 85-беренесинин 3-пунктунун 1-пунктчасын, "Кыргыз Республикасынын
Конституциялык соту жөнүндө" Мыйзамдын 13 жана 14-беренелерин, "Кыргыз
Республикасынын конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө" Мыйзамдын 10, 11,
13, 14, 23, 24, 25, 29 жана 30-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз
Республикасынын Конституциялык соту чечти:
1. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 73-беренеси-
нин 4-бөлүгүн жекече даттанууну кароонун жыйынтыктары боюнча чыгарылган
аныктама даттанууга жатпайт деп көрсөтүлгөн бөлүгүндө Конституцияга
ылайык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 15-беренесинин
4-пунктуна, 21-беренесинин 5-пунктуна карама-каршы келет деп табылсын
жана анын аракети жокко чыгарылсын.
Жарандар Исаков Исмаил Исаковичтин жана Каптагаев Эмилбек Салама-
товичтин өтүнүчтөрү канааттандырылсын.
2. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт. Бардык мамлекеттик органдар,
юридикалык жактар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан милдеттүү
түрдө аткарылууга тийиш.
3. Чечим "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосторуна",
"Эркин Тоо", "Кыргыз Туусу", "Слово Кыргызстана" гезиттерине жарыялан-
сын.
Кыргыз Республикасынын
Конституциялык сотунун Төрагасы С.Сыдыкова
Кыргыз Республикасынын
Конституциялык сотунун Секретары О.Мамыров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот өндүрүшү жөнүндөЗакон · 18.12.1993 · № 1337-XII · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- О Конституционном суде Кыргызской РеспубликиЗакон · 18.12.1993 · № 1335-XII · Күчүн жоготкон