# КР Президентинин 1999-жылдын 2-августундагы № 196 "Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну андан ары өнүктүрүү жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 1999-жылдын 2-августундагы № 196 "Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну андан ары өнүктүрүү жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 196
- Кабыл алынган күнү: 02.08.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.09.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/3186>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1042/edition/375942/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/3186.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 1999-жылдын 2-августундагы № 196 "Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну андан ары өнүктүрүү жөнүндө" жарлыгы (10.09.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/3186

---

КР Президентинин 2011-жылдын 10-сентябрындагы ПЖ № 236 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 1999-жылдын 2-августу ПУ № 196

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН УКАЗЫ

Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну андан ары өнүктүрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну андан ары өнүктүрүү, жергиликтүү жамааттардын жашоо турмушун камсыз кылууда анын органдарынын ролун жана жоопкерчилигин жогорулатуу, бийликти уштуруунун демократиялык принциптерин бекемдөө, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын сандык курамын көбөйтүү жөнүндөгү жергиликтүү кеңештердин сунуштарын колдоо максатында токтом кылам:

1. 1999-2001-жылдарга Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну андан ары өнүктүрүү Концепциясы (тиркелет) бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 1999-жылдын 25-августуна чейин тиркелген Концепцияга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун уюштуруу-укуктук жана финансы-экономикалык негиздерин чыңдоо боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын.

3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын төмөнкүдөй болжолдуу сандык курамы бекитилсин:

- областтык, Бишкек шаардык кеңеши - 30-45 киши;

- райондук, областтык баш ийүүдөгү шаардык кеңештер - 15-30 киши;

- райондук баш ийүүдөгү шаардык кеңештер - 11-21 киши;

- айылдык, поселкалык кеңештер - 9-19 киши.

4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине бир айлык мөөнөттө сессияларда ушул Указдын 3-пунктуна ылайык депутаттардын сандык курамын аныктоо сунуш кылынсын.

5. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына (Борбордук шайлоо комиссиясы) өз актыларын депутаттардын сандык курамы жөнүндөгү жергиликтүү кеңештердин чечимдерине ылайык келтирсин.

6. Борбордук шайлоо комиссиясы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарын түзүүнүн максаттары жана милдеттери жана жергиликтүү кеңешке шайлоонун тартиби жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү уюштурсун.

7. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1994-жылдын 22-сентябрындагы "Кыргыз Республикасынын баштапкы деңгээлдеги жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү" Жобосун бекитүү тууралу", 1994-жылдын 9-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын райондору менен областтарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарына шайлоолорду дайындоо жөнүндөгү" Указдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 5-январындагы "Кыргыз Республикасынын райондук жана областтык кеңештери жөнүндөгү Убактылуу жобону бекитүү тууралу" Указы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын райондук жана областтык кеңештери жөнүндөгү Убактылуу жобонун 5-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

8. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

9. Бул Указ жарыланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев
