# ПОЛОЖЕНИЕ об основных принципах антимонопольного регулирования рынка банковских услуг (Утверждено постановлением Правления Национального банка Кыргызской Республики от 23 ноября 2002 года № 45/12)

- Актынын түрү: Положение
- Номери: 45/12
- Кабыл алынган күнү: 23.11.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.03.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/31665>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/46-1040/edition/302265/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/31665.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.03.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ПОЛОЖЕНИЕ об основных принципах антимонопольного регулирования рынка банковских услуг (Утверждено постановлением Правления Национального банка Кыргызской Республики от 23 ноября 2002 года № 45/12) (02.03.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/31665

---

Улуттук банк Башкармасынын

2005-жылдын 2-мартындагы № 4/1 токтомуна

ылайык күчүн жоготту деп таанылган

Кыргыз Реслубликасынын Юстиция министрлигинде

2002-жылдын 27-декабрында 163-02 номеринде каттоодон өткөн

Бишкек шаары

2002-жылдын 23-ноябры № 45/12

Кыргыз Республикасынын Улуттук

банк Башкармасынын 2002-жылдын

23-ноябрындагы № 45/12 токтому

менен бекитилген

"Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногун

антимонополиялык жөнгө салуунун

негизги принциптери тууралуу"

Жобо

1. Жалпы жоболор

1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз

Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү", "Кыр-

гыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндөгү", "Ке-

ректөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөгү", "Баныктык сыр (купуялык)

жөнүндөгү", "Жарнама жөнүндөгү" Мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы-

нын башка нормативдик-укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.

1.2. Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда

монополисттик ишкердикти жана алгылыксыз атаандаштыкты алдын-алуу,

чектөө жана ага бөгөт коюу, ошондой эле атаандаштыктын негизинде банк-

тык кызмат көрсөтүүлөр рыногунун натыйжалуу иш алып баруусу үчүн шарт-

тарды камсыз кылуу, ушул Жобонун максаты болуп саналат.

1.3. Бул Жобонун талаптары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы

тарабынан берилген лицензиянын негизинде жеке адамдарга жана юридикалык

жактарга банктык кызматтарды сунуш кылган коммерциялык банктарга жана

башка финансы-кредиттик мекемелерге таркатылат.

1.4. Кыргыз Реслубликасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук

банк) банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияга каршы мыйзамдар-

дын алар тарабынан аткарылышына контролдукту жана финансы-кредиттик ме-

кемелердин ишин жөнгө салууну жүзөгө ашырат.

2. Терминдер жана аныктамалар

2.1. Ушул Жободо пайдаланылган терминдер жана аныктамалар

1.1.-пунктта келтирилген, ошондой эле Улуттук банк Башкармасынын

2001-жылдын 16-февралындагы N 3/6 токтому менен бекитилген "Кыргыз Рес-

публикасында төлөө системаларын уюштуруу боюнча негизги жоболордо" кел-

тирилген терминдерге жана аныктамаларга ылайык келет.

2.2. Мындан тышкары бул Жободо кошумча дагы төмөнкү терминдер жана

аныктамалар пайдаланылат:

Банктык кызмат көрсөтүүлөр - Улуттук банктан лицензия алышкан фи-

нансы-кредиттик мекемелер тарабынан жүзөгө ашырылган операциялар жана

кызмат көрсөтүүлөр;

Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы монополисттик ишкердик -

финансы-кредиттик мекемелердин монополияга каршы мыйзамдардын мыйзам

талабына жооп бербеген атаандаштыкка жол бербөөгө, чеетөөгө, аны алып

салууга балытталган аркеттер.

Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы алгылыксыз атаандаштык -

финансы-кредиттик мекемелердин монополияга каршы мыйзамдардын талапта-

рына жана ишкердик ыргагына таптакыр жооп бербеген, банктык кызматтарды

көрсөтүүдө эч кандай негиздөөлөрсүз үстөмдүктү белгилеген аракеттери.

Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы талапка жооп бербеген жар-

намалык ишкердик - Кыргыз Республикасынын жарнама жөнүндөгү мыйзамдары-

нын жалпы жана/же атайы талаптарын бузууларга жол беришкен финансы-кре-

диттик мекемелердин иши.

Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы үстөмдүк абал - банктык

кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы шарттарына чечүүчү таасири тийгизүүчү же

банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногуна башка финансы кредиттик мекемелер-

дин кирүүсүнө тоскоолдук кылган башка финансы-кредиттик мекемелердин

абалы. Эгерде банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы анын үлүшү Улуттук

банк тарабынан белгиленген чектүү көлөмүнөн, ошол финансы-кредиттик ме-

кеменин абалы үстөмдүк кылуучу катары таанылат.

3. Монополиялык ишкердикти жана алгылыксыз

атаандаштыкты алдын алуу,

чектөө, бөгөт коюу

3.1. Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда

төмөнкүлөргө жол берүү менен рынокто үстөмдүк абалын ээлөөгө финан-

сы-кредиттик мекемелерге жол берилбейт:

- банктык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучулар менен келишим

түзүүдөн себептерин көрсөтүүсүз баш тартуу;

- керектөөчүлөр үчүн алгылыксыз же келишимдин предметине тиешеси

жок келишимди түзүүгө барууга керектөөчүнү мажбурлоо;

- көрсөтүлүүчү кызматтарга негиздөөлөрсүз эле жогорку (төмөнкү)

тарифтерди белгилөө.

3.2. Финансы-кредиттик мекемелер менен келишилген макулдашууларда

жана келишимдерде банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда атаандаштыктарды

чекгөөгө багытталган шарттар камтылууга тийиш эмес, атап айтканда:

- банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногун аймактык принцип, көрсөтүлгөн

кызматтардын түрлөрү боюнча же болбосо кызматтарды керектөөчүлөр боюнча

бөлүштүрүү;

- банктык кызмат көрсөтүү рыногунда белгилүү бир бааны белгилөө

максатында финансы-кредиттик мекемелердин ортосунда оз ара сүйлөшүп ке-

лишип алууга жана аны жүзөгө ашырууга;

- банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногуна жањы финансы-кредиттик меке-

мелердин кирүүсүнө чектөөлөрдү коюу же анда иштеп жаткандарды рыноктон

четтетүү;

- башка финансы-кредиттик мекемелердин, ошол эле же башка төлөө

системаларына кирүүсүнө негиздөөлөрсүз тоскоолдуктарды белгилөө.

3.3. Чарба жүргүзүүчү субъектилер менен келишилген макулдашууларда

жана/же келишимдерде банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн негизги - үрлөрүнө

(счетторду ачууга, эсептешүү-кассалык тейлөөгө ж.б.) тарифтердин не-

гиздөөлөрсүз эле өзгөртүлүшүнө, географиялык орун алып турушунан улам,

чарба жүргүзүүчү субъектилер үчүн тарифтердин дифференциацияланышына же

болбосо рынокто башка финансы-кредиттик мекемелердин жоктугуна алып

келген шарттар камтылууга тийиш эмес.

3.4. Финансы-кредиттик мекемелер иш алып баруусунун жүрүшүндө баш-

ка финансы-кредиттик мекемелерге - банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногун-

дагы атаандаштардын чыгым тартуусуна же болбосо алардын ишкердик абро-

юуна шек келтирген алгылыксыз атаандаштыкты жүргүзүүгө тийиш эмес, атап

айтканда:

- финансы-кредиттик мекеме - атаандаш жөнүндө ар кандай коодулоо

мүнөзүндөгү маалыматтарды таркатуу;

- жарнамалык иштин талапка жооп бербеген формаларын жана ыкмаларын

кошо алганда, маркетинг саясатын алгылыксыз негизде жүргүзүү;

- башка финансы-кредиттик мекемелерди коодулоо.

3.5. Финансы-кредиттик мекемелер тарабынган ушул Жобонун пунктта-

рында келтирилген макулдашуу/келишим шарттары боюнча чектөөлөр сактал-

баган учурларда, Улуттук банк келишилген макулдашуулардын/келишимдердин

шарттарын өзгөртүүнү же аларды токтотууну, ошондой эле Кыргыз Республи-

касынын мыйзамдарына ылайык башка талаптарды коюшу мүмкүн.

4. Улуттук банктын монополияга каршы

жөнгө салуу механизмдери

4.1. Финансы-кредиттик мекемелер бардык келишилген макулдашуу-

лар/келишимдер жөнүндө, өз ара же юридикалык жактар менен макулдашылган

аркеттерди көрүү жөнүндө кабыл алынган чечимдер тууралуу билдирмелерди

Улуттук банкка жөнөтүп турууга тийиш. Натыйжада, банктык кызмат

көрсөтүүлөр рыногунда финансы-кредиттик мекеме (лер) үстөмдүк абалды

ээлеши мүмкүн.

4.2. Финансы-кредиттик мекемелер тарабынан монополияга каршы мый-

замдардын талаптары сакталбаган же керектөөчүлөрдүн жана атаандаштардын

укуктарын коргоо боюнча башка нормативдик-укуктук актыларды бузууларга

жол берилген учурларда, Улуттук банк тарабынан ошол мыйзам бузууларды

кароонун негизи болуп банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулардын

кетирилген кемчиликтердин фактыларын тастыктаган документитер кошо тир-

келген арыздары саналат. Келип түшкөн арыздарды кароонун тартиби Улут-

тук банк тарабынан белгиленген эрежелерге (жол-жоболорго) ылайык анык-

талат.

4.3. Финансы-кредиттик мекемелер тарабынан монополияга каршы мый-

замдарды бузууларга жол берилген фактылар аныкталган учурларда, ошондой

эле келип түшкөн арыздарды кароодо Улуттук банк анда белгиленген тар-

типке ылайык пландык (комплекстүү же максаттуу) инспектордук тек-

шерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.

4.4. Эгерде, жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча же берил-

ген документтердин негизинде монополияга каршы мыйзам талаптарын бузуу-

га жол берилгендиктердин, банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда атаан-

даштыктарды чектөөнүн фактылары аныкталган болсо, финансы-кредиттик ме-

кеменин дарегине аткарылышы милдеттүү болгон тиешелүү эскертүүлөр (ма-

кулдашууну/келишимди токтотуу же анын шарттарын өзгөртүү туралуу ж.б.)

жөнөтүлөт же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын

нормативдик актыларына ыйлайык, аларга карата башка санкциялар колдону-

лат.

5. Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы

финансы-кредиттик мекемелердин ишин

жөнгө салуунун ыкмалары

5.1. Финансы-кредиттик мекемелердин ишин жөнгө салуу жана банктык

кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияны четтетүү үчүн Улуттук банк,

баа түзүү принциптерин жана тартибин, ошондой эле Кыргыз Республикасы-

нын мыйзамдарына ылайык финансы-кредиттик мекемелер үчүн банктык кызмат

көрсөтүүлөрдүн тарифтерине чектөөлөрдү белгилеши мүмкүн.

5.2. Мамлекеттик программалардын чегинде Улуттук банк, финан-

сы-кредиттик мекемелер үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык,

банктык кызматтардан пайдалануучулардын укуктарын коргоо максатында

атайы белгиленген тарифтер боюнча милдеттүү түрдө тейленүүгө тийиш бол-

гон керектөөчүлөрдүн категорияларын аныкташы мүмкүн. Мамлекеттик прог-

раммаларга катышуу финансы-кредиттик мекемелер тарабынан өз алдынча

аныкталат.

5.3. Улуттук банк, финансы кредиттик мекемелердин үстөмдүк абалын

уюштуруу документтеринде көрсөтүлгөн алардын жайгашкан ордунан көз ка-

рандысыз, банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунун чегичде аныктайт. Финан-

сы-кредиттик мекеменин үстөмдүк абалын аныктоонун ыкмалары жана тарти-

би, ошондой эле рыноктордун чектери Улуттук банк тарабынан аныкталат.

5.4. Эгерде, финансы-кредиттик мекеменин үстөмдүк абалы көрсөтүлүп

жаткан кызматтардын сапатына таасирин тийтзип же банктык кызмат

көрсөтүүлөр рыногунда финансылык тобокелдиктин келип чыгуусуна алып ке-

ле турган болсо, Улуттук банк нормативдик актыларга ылайык тиешелүү

чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу.

6. Корутунду жобо

6.1. Улуттук банк, банктык кызмат көрсөтүүлөр жагында монополияга

каршы жөнгө салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын монополияга

каршы ыйгарым укуктуу органдары менен банктык купуялык (сыр) жөнүндөгү

мыйзамдарга каршы келбеген маалыматтарды алмаша алат.

6.2. Төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн натыйжалуу өткөрүлүшү үчүн

Улуттук банк финансы-кредиттик мекемелерди клирингдик жана эсептешүү

кызматтарынан адилеттүүлүк жана тењ укуктуулук шарттарында пайдалануу-

сун камсыз кылат, ошондой эле төлөө системасынын ишине көзөмөлдүктү

жүзөгө ашырат.
