# КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 15-сентябрындагы №437 " Кыргыз Республикасында лотереяларды өткөрүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 15-сентябрындагы №437 " Кыргыз Республикасында лотереяларды өткөрүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 437
- Кабыл алынган күнү: 15.09.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.11.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/31611>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-3048/edition/356698/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/31611.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.11.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 15-сентябрындагы №437 " Кыргыз Республикасында лотереяларды өткөрүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (04.11.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/31611

---

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-ноябрындагы № 685 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт үйү

2005-жылдын 15-сентябры, №437

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасында лотереяларды өткөрүү

жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасында лотереяларды өткөрүүнү тартипке салуу жана

контролдукту күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом

кылат:

1. Кыргыз Республикасында лотереяларды өткөрүү жөнүндө тиркелген

жобо бекитилсин.

2. Жогоруда аталган Жобого ылайык лотереянын тибине, түрүнө жана

шарттарына карабастан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде

мамлекеттик каттоодон өтпөгөн лотереяларды Кыргыз Республикасынын

аймагында өткөрүүгө тыюу салынсын.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- «Лотереялык ишке байланыштуу маселелер жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 17-январындагы № 11 токтому;

- «Лотереялык ишке байланыштуу маселелер жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 17-январындагы № 11 токтомуна

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 3-августундагы № 407 токтому;

- «Лотереялык ишке байланыштуу маселелер жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 17-январындагы № 11 токтомуна

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 27-февралындагы № 95 токтому.

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Финансы министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
