# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 4-июлундагы №284 " Кыргыз Республикасынын Жалалабат облусунун Сузак районунда жерлерди трансформациялоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 4-июлундагы №284 " Кыргыз Республикасынын Жалалабат облусунун Сузак районунда жерлерди трансформациялоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 284
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/31265>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-3043/edition/301754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/31265.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 4-июлундагы №284 " Кыргыз Республикасынын Жалалабат облусунун Сузак районунда жерлерди трансформациялоо жөнүндө" токтому (04.07.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/31265

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 4-июлу №284

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Жалалабат облусунун Сузак районунда

жерлерди трансформациялоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына

ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Жалалабат облусунун мамлекеттик администрациясынын

Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча

республикалык комиссия менен макулдашылган Сузак районунун

Багыш айыл өкмөтүндөгү 1589,0 га сугат айдоосун кайрак

айдоого трансформациялоо жөнүндө сунушу кабыл алынсын.

2. Жалалабат облусунун мамлекеттик администрациясы жерди

эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз

Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай

комплексин өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө

жүктөлсүн.

Биринчи

Вице-премьер-министрдин

милдетин аткаруучу М.Керимкулов
