# КР Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 4-майындагы № 14/2 "Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу Эрежелеринин жаңы редакциясы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 4-майындагы № 14/2 "Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу Эрежелеринин жаңы редакциясы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 14/2
- Кабыл алынган күнү: 04.05.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.02.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/31261>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-43/edition/1166761/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/31261.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 4-майындагы № 14/2 "Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу Эрежелеринин жаңы редакциясы жөнүндө" токтому (10.02.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/31261

---

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 6-июнунда 73-05 номерде каттоодон өткөн.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2005-жылдын 4-майы N 14/2 Кыргыз Республикасында кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелери жөнүндө

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын "Кредиттик союздар жөнүндөгү" Мыйзамынын, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү" Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүгүү банкынын ортосундагы N 1529 "Айылдык финансы мекемелери" КGZ (SF) долбоору жөнүндөгү кредиттик келишимдин негизинде иштелип чыккан Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу Эрежелеринин долбоорун карап көрүп, ошондой эле кредиттик союздардын ишин жөнгө салууну өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: (КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Кыргыз Республикасында кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелери бекитилсин (кошо тиркелет).

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо Башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн жана жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсыл күнү жарыяландыгы) тууралуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдасын.

3. Токтом, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөртүлгөндөн кийин, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

4. Токтом күчүнө кирген учурдан тартып, Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылды 27-майындагы N 16/4 "Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздардын ишин жөнгө салуунун эрежелеринин жаңы редакциясы жөнүндөгү" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл бөлүмү ушул токтом менен "Кыргыз Республикасында кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча Финансы компаниясы" ЖЧКсын жана Улуттук банктын областтык Башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.

6. Жоопкерчилиги чектелген коом "Кыргыз Республикасынды кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча Финансы компаниясы ушул токтом менен кредиттик союздарды тааныштырсын.

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары, айым Г.М.Омурзаковага ыйгарылсын.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкарманын төрагасы

У. Сарбанов
