# КР Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 27-апрелиндеги № 12/8 "Резидент эмес банктын өз филиалына капитал бөлүүсүнүн Тартибин бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 27-апрелиндеги № 12/8 "Резидент эмес банктын өз филиалына капитал бөлүүсүнүн Тартибин бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 12/8
- Кабыл алынган күнү: 27.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/31211>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-38/edition/651238/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/31211.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 27-апрелиндеги № 12/8 "Резидент эмес банктын өз филиалына капитал бөлүүсүнүн Тартибин бекитүү тууралуу" токтому (10.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/31211

---

КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 10-июнундагы № 31/1 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 3-июнунда № 68-05 каттоодон өттүү

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2005-жылдын 27-апрели № 12/8 Резидент эмес банктын өз филиалына капитал бөлүүсүнүн Тартибин бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, Резидент эмес банктын өз филиалына капитал бөлүүсүнүн Тартибинин долбоорун карап көрүү менен ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Резидент эмес банктын өз филиалына капитал бөлүүсүнүн Тартиби (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо Башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн.

3. Токтом, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөртүлгөндөн кийин расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

4. Токтом күчүнө кирген учурдан тартып Улуттук банк Башкармасынын 1999-жылдын 1-сентябрындагы № 58/7 "Резидент эмес банктын өз филиалына капитал бөлүүсүнүн Убактылуу тартибинин долбоору жөнүндөгү" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсыл күнү жарыяландыгы) тууралуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдалсын.

6. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо Башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын областтык (регионалдык) Башкармалыктарын, коммерциялык банктарды, "Эсептешүү Сактык компаниясы" ААКсын, КАФКны, Финансы компаниясын жана Кыргыз Банктар Ассоциациясын тааныштырсын.

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары, айым Г.М.Омурзаковага ыйгарылсын.

Төрага
