# 4-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары

- Документ: [Табигый дарылык ресурстар, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/312)
- Толук аталышы: КР 2000-жылдын 13-январындагы № 4 "Табигый дарылык ресурстар, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.02.2016
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 февраля 2016 года № 16 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О природных лечебных ресурсах, лечебно-оздоровительных местностях и курортах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111295)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/312#diff=1210045..1210046>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/312/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-298/edition/1210045/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/312/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.02.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Табигый дарылык ресурстар, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор жөнүндө, 4-статья (16.02.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/312/st-4

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: курорттук иш жана эс алуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын ишке ашырат; табигый дарылык ресурстарды, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлерди жана курортторду пайдалануунун ченемдерин жана эрежелерин белгилейт; курортторду санитардык (тоо-санитардык) коргоо округдарынын чек араларын жана режимин белгилейт; курортторду жана курорттук региондорду (райондорду), табигый дарылык ресурстардын чалгындалган запастарын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын ишке ашырат жана аларды координациялоо тартибин аныктайт; табигый дарылык ресурстарды, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлерди, курортторду жана курорттук региондорду (райондорду) изилдөө, өнүктүрүү жана пайдалануу, сервисти жана эс алуу индустриясын өнүктүрүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат; Кыргыз Республикасынын курорттук фондунун мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин аныктайт; табигый дарылык ресурстардын, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлердин, курорттордун жана алардын жерлеринин сарамжалдуу пайдаланылышына, коргоого жана санитардык (тоо-санитардык) коргоону камсыз кылууга көзөмөлдү жүзөгө ашыруу тартибин аныктайт; Кыргыз Республикасынын курорттук фондун кеңейтүү жана аны пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле курорттук дарылоо чөйрөсүндө кадрларды даярдоо максаттарында илимий изилдөөлөрдү уюштуруу тартибин аныктайт. (КР 2016-жылдын 16-февралындагы № 16 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/312/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/312/st-5)
