# 13-статья. Табигый дарылык ресурстарын, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлерди жана курортторду санитардык (тоодогу санитардык) жактан коргоону уюштуруу

- Документ: [Табигый дарылык ресурстар, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/312)
- Толук аталышы: КР 2000-жылдын 13-январындагы № 4 "Табигый дарылык ресурстар, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.02.2016
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 февраля 2016 года № 16 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О природных лечебных ресурсах, лечебно-оздоровительных местностях и курортах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111295)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/312#diff=1210045..1210046>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/312/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-298/edition/1210045/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/312/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.02.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Табигый дарылык ресурстар, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор жөнүндө, 13-статья (16.02.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/312/st-13

---

Табигый дарылык ресурстарды, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлерди, ошондой эле курортторду жана алардын жерлерин коргоо санитардык (тоо-санитардык) коргоо округдарын белгилөө аркылуу жүзөгө ашырылат. Республикалык маанидеги дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлердин жана курорттордун санитардык (тоодогу санитардык) жактан коргоо округдарынын чек арасы жана режими Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Санитардык (тоодогу санитардык) жактан коргоо округуна үчкө чейин аймак бөлүнөт. Биринчи аймакта жашоого жана экологиялык жактан таза, рационалдуу технологияларды колдонуу шартында табигый дарылык ресурстарын изилдөөгө жана пайдаланууга, ден соолукту чыңдоо максаттарынан башка чарба жүргүзүүнүн бардык түрүнө тыюу салынат. Экинчи аймакта курорттук дарылоо жана эс алуу чөйрөсүн түзүүгө жана өнүктүрүүгө түздөн-түз байланышпаган объекттер менен курулуштарды жайгаштырууга, ошондой эле айлана-чөйрөнү, табигый дарылык ресурстарын булгоочу чарбалык иш жүргүзүүгө тыюу салынат. Үчүнчү аймакта өнөр жай жана айыл чарба уюмдары менен курулуштарын жайгаштырууга, ошондой эле айлана-чөйрөнү, табигый дарылык ресурстарын булгоочу чарбалык иш жүргүзүүгө чектөө киргизилет. Санитардык (тоодогу санитардык) жактан коргоонун белгиленген режимин камсыз кылуу: биринчи аймакта - пайдалануучулар, экинчи жана үчүнчү аймакта - пайдалануучулар жана жер участокторунун ээлери тарабынан жүргүзүлөт. Санитардык-ден соолукту чыңдоочу иш-чаралар жана санитардык (тоодогу санитардык) жактан коргоо округдарындагы булгоочу очокторду жоюу жер участокторунун санитардык (тоодогу санитардык) жактан коргоо режимин бузушкан пайдалануучулардын жана жер ээлеринин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. (Тогузунчу бөлүк КР 2016-жылдын 16-февралындагы № 16 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2016-жылдын 16-февралындагы № 16 Мыйзамынын редакциясына ылайык) VI Глава Табигый дарылык ресурстары, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор жагындагы талаш-тартыштарды чечүү

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/312/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/312/st-14)
