# 8-статья. Администрациялык-аймактык бөлүнүштөгү өзгөрүүлөргө байланыштуу депутаттын статусунун өзгөрүшү же ыйгарым укуктарынын токтотулушу

- Документ: [Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/311)
- Документтеги орду: 1-БөЛүМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 13-январы № 3 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/311#diff=1113967..15240>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-297/edition/1113950/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/311/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө, 8-статья (21.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-8

---

Депутаттын статусу Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде кайра уюштурууга алып келүүчү административдик-аймактык бирдиктин чектери же административдик-аймактык түзүлүштүн жалпы түзүмү өзгөргөн учурларда өзгөрөт. Калктуу конуштар республикалык же областтык баш ийүүдөгү шаарлар категориясына киргизилгенде, алардын аймагында бул калктуу конуш баш ийген жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары токтотулат. Жаңы түзүлгөн жергиликтүү кеңештерге мурдагы иштеп келген жергиликтүү кеңештердин базасында шайлоолор өткөрүүдө, бул жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктары токтотулат. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-7)  
Кийинки берене: [81-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-81)
