# 7-статья. Депутаттын өзү шайланган жергиликтүү кеңеш жана анын органдары менен өз ара мамилеси

- Документ: [Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/311)
- Документтеги орду: 1-БөЛүМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 13-январы № 3 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2019 года № 115 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности органов местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/111962)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/311#diff=1113964..1113967>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-297/edition/1113950/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/311/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө, 7-статья (21.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-7

---

Жергиликтүү кеңештин депутаты жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялардын жана башка анын органдарынын курамына кирүүгө, ишине катышууга, алардын чечимдерин ишке ашырууга ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө, кеңештин жана анын органдарынын тапшырмаларын аткарууга милдеттүү. Жергиликтүү кеңеш жана анын органдары тийиштүү шарттарды түзүү, депутаттарды документтер, маалымат-кабардык жана депутаттык ыйгарым укуктарды натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка материалдар менен камсыз кылуу жолу менен депутаттардын ишине көмөк көрсөтөт, депутаттардын колдонуудагы мыйзамдарды, жергиликтүү кеңештердин иш тажрыйбасын окуп-үйрөнүүсүн уюштурушат. Депутат шайланган жергиликтүү кеңеш жергиликтүү кеңештин чечимдерин жана тапшырмаларын аткаруусу жөнүндө анын отчетторун угууга укуктуу. Депутат жергиликтүү кеңеште жана анын органдарында өзүнүн милдеттерин аткарбаган, алардын ишинин белгиленген тартибин дайыма бузган учурда, жергиликтүү кеңеш мандаттык комиссиянын, депутаттык иш жана этика маселелери боюнча комиссиянын алдын ала корутундусу боюнча аны белгилүү бир мезгилге депутат катары төлөнүүчү төлөөлөрдөн жарым - жартылай же толук ажыратуу, депутаттын өзүнүн милдеттерине карата мамилеси тууралу шайлоочуларга кабарлоо жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн. (Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы № 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-8)
