# 6-статья. Депутаттын шайлоочулар менен өз ара мамилеси

- Документ: [Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/311)
- Документтеги орду: 1-БөЛүМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 13-январы № 3 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-297/edition/1113950/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/311/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө, 6-статья (21.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-6

---

Жергиликтүү кеңештин депутаты шайлоочулар, өзүн депутаттыкка талапкерликке көрсөткөн жамааттар жана жарандардын бирикмелери, ошондой эле өзүнүн шайлоо округунун аймагында жайгашкан башка ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жамааттары, мамлекеттик органдар, өз алдынча башкаруу органдары жана жарандардын бирикмелеринин органдары менен байланышта болуп турат. Шайлоочулар өздөрүнүн депутаттарына сунуш-талап бере алышат. Депутат өзүнүн шайлоо округунун шайлоочуларынын алдында жоопкер жана аларга отчет берип турат.

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-7)
