# 5-статья. Жергиликтүү кеңештин депутатынын статусунун кээ бир кызматтар жана иш түрлөрү менен шайкешсиздиги

- Документ: [Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/311)
- Документтеги орду: 1-БөЛүМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 13-январы № 3 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 января 2025 года № 17 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в религиозной сфере"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021241)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 21.01.2025 [Закон КР от 21 января 2025 года № 17 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в религиозной сфере"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021241); 30.09.2024 [Закон КР от 30 сентября 2024 года № 167 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей", "О статусе депутатов местных кенешей")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230014819); 20.06.2020 [Закон КР от 20 июня 2020 года № 62 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/112065); 18.07.2014 [Закон КР от 18 июля 2014 года № 144 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205365); 25.04.2013 [Закон КР от 25 апреля 2013 года № 59 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203866); 05.08.2008 [Закон КР от 5 августа 2008 года №195 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/94278); 27.02.2007 [Закон КР от 27 февраля 2007 года № 27 "О внесении изменений и дополонений в Законы КР "О статусе депутатов местных кенешей", "О государственной службе", и "О муниципальной службе""](https://aqlex.ai/kg/doc/202061); 06.02.2006 [Закон КР от 6 февраля 2006 года № 34 "О внесении дополнений и изменений в законы Кыргызской Республики "О местном самоуправлении и местной государственной администрации" и "О статусе депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/1822); 15.10.2004 [Закон КР от 15 октября 2004 года №182 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/1582)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/311#diff=17514..25478>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-297/edition/1113950/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/311/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө, 5-статья (21.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-5

---

Жергиликтүү кеңештин депутаты төмөнкү учурларда мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта боло албайт:

1) эгерде ал жетекчилик кызмат ордун ээлеген мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ал депутаты болуп саналган жергиликтүү башкаруунун өкүлчүлүктүү органы да (айылдык аймактын же шаардын жергиликтүү кеңеши) ошол эле айылдык аймактын же шаардын аймагынын чектеринде жайгашкан болсо;

2) эгерде ал мамлекеттик же муниципалдык кызматта турган мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ал депутаты болуп саналган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына (айылдык аймактын же шаардын жергиликтүү кеңешине) отчеттуу болсо;

3) эгерде ал мамлекеттик же муниципалдык кызматта турган мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисин шайлоого, дайындоого, бошотууга сунуштоо ал депутаты болуп саналган ошол жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын (айылдык аймактын же шаардын жергиликтүү кеңешинин) ыйгарым укуктарына тийиштүү болсо.

Депутаттык ыйгарым укуктарды тиешелүү айыл аймагынын же шаардын калкына республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик же муниципалдык ишкананын жетекчисинин кызмат орду, ошондой эле диний иш менен да айкалыштырууга болбойт. Жергиликтүү кеңештин депутаты өзүнүн депутаттык мандатын депутаттык ишке байланышпаган максаттарда пайдалана албайт. Бир эле адам бир гана айылдык же шаардык кеңештин депутаты боло алат. Эмгек келишиминин (контракттын) негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан жумушка алынган кызматкер жергиликтүү кеңештин депутаты боло албайт. (Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 15-октябрындагы № 182, 2006-жылдын 6-февралындагы № 34, 2007-жылдын 27-февралындагы № 27, 2008-жылдын 5-августундагы № 195, 2013-жылдын 25-апрелиндеги № 59, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2020-жылдын 20-июнундагы № 62, 2024-жылдын 30-сентябрындагы № 167, 2025-жылдын 21-январындагы № 17 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Көңүл буруңуздар! Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр 5-беренесине расмий тилинде

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-6)
