# 3-статья. Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу

- Документ: [Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/311)
- Документтеги орду: 1-БөЛүМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 13-январы № 3 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.07.2024 [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962); 08.08.2019 [Закон КР от 8 августа 2019 года № 118 "О внесения изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О местном самоуправлении", "О статусе депутатов местных кенешей", "О статусе столицы", "О статусе города Ош")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111965)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/311#diff=1113967..15240>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-297/edition/1113950/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/311/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө, 3-статья (21.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-3

---

Жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн төмөндөгүлөр негиз болуп саналат:

1) анын депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу же фракциядан чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берүүсү;

2) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгышы, жарандыгын жоготуусу, башка жарандыгынын бар экендиги тууралуу фактынын айкындалышы, же болбосо башка жарандыкты кабыл алышы;

3) депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруусуна сыйышпаган башка ишке өтүшү же мындай иштен кетпеши;

4) башка кеңештин депутаты болуп шайланышы;

41) Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде административдик-аймактык түзүлүштүн жалпы түзүмүнүн жана чектеринин өзгөрүшү;

5) тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин жергиликтүү коомдоштугунда депутаттын мүчөлүгүнүн токтотулушу;

6) шайлоонун жараксыз деп таанылышы;

7) туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары чыгып кетиши;

8) сот тарабынан депутаттын аракетке жөндөмсүз же дайынсыз жоголду деп таанылышы, ошондой эле өлдү деп жарыяланышы;

9) ага карата соттун айыптоо өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө кириши;

10) жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпоосу;

11) депутаттын өлүмү.

Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу негиз келип чыккан күндөн тартып тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы 30 календарлык күндөн кечиктирбестен кабыл алган чечим менен жүзөгө ашырылат. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселени тиешелүү арыздын же сунуштаманын негизинде карайт. Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуштаманы тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөндөгүлөр берет:

1) тиешелүү мамлекеттик орган - ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2, 7 жана 11-пункттарында каралган учурларда;

2) сот - ушул берененин 1-бөлүгүнүн 6, 8 жана 9-пункттарында каралган учурларда;

3) тиешелүү жергиликтүү кеңеш - ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-5 жана 10-пункттарында каралган учурларда.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-5 жана 10-пункттарында каралган учурларда, жергиликтүү кеңеш депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнүн мурда токтотуу маселесин толук талкуулоо жол-жобосу боюнча карайт.

Жергиликтүү кеңеш жогоруда көрсөтүлгөн негиздер боюнча депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимди депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алат жана кабыл алынгандан кийин 3 күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтөт. Депутаттын жыйналышка катышпоосунун жүйөлүү себептери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) эмгекке убактылуу жарамсыздыгы;

2) кош бойлуулугу жана төрөтү боюнча, бала асырап алууга байланыштуу өргүү;

3) үй-бүлөлүк жагдайлар боюнча жыйналышка катышпай калуу (никеге катталган, бала төрөлгөн, бала баккан, жакын туугандары өлгөн учурларда), окуу өргүүсү, негизги иштеген жери боюнча иш сапарында болуу, жазуу жүзүндөгү чакыруу боюнча мамлекеттик аземдерге жана расмий кабыл алууларга, семинарларга, конференцияларга жана тиешелүү жергиликтүү кеңештин жетекчилигинин уруксаты менен башка иш-чараларга катышуу;

4) транспорттук тоскоолдуктар жана тиешелүү документтерде ырасталган башка форс-мажорлук жагдайлар.

(Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы № 118, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-4)
