# 25-статья. Депутаттын эмгектик жана башка укуктарын коргоо

- Документ: [Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/311)
- Документтеги орду: 5-БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 13-январы № 3 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 июля 2014 года № 138 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205359)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.07.2014 [Закон КР от 17 июля 2014 года № 138 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205359); 05.08.2008 [Закон КР от 5 августа 2008 года №195 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/94278); 15.10.2004 [Закон КР от 15 октября 2004 года №182 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/1582)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/311#diff=1113958..1113959>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-297/edition/1113950/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/311/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө, 25-статья (21.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-25

---

Жергиликтүү кеңештин депутаты, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын администрациясынын демилгеси боюнча жумуштан бошотулууга (ишкана, мекеме, уюм толук жоюлган учурларды кошпогондо), ошондой эле тийиштүү жергиликтүү кеңеш менен, ал эми жергиликтүү кеңештин сессияларынын аралыгында - жергиликтүү кеңештин төрагасы менен алдын-ала макулдашуусуз жана мандат комиссиясынын, депутаттык ишмердик жана этика боюнча комиссиясынын корутундусуз тартиптик жаза иретинде төмөн акы төлөнүүчү ишке (кызматка) которулууга тийиш эмес. Жергиликтүү кеңеште шайлануучу кызматка шайланган депутаттын ыйгарым укуктары бүткөндөн кийин аны ишке орноштурууну тийиштүү жергиликтүү кеңеш камсыз кылат. Депутаттын жергиликтүү кеңештеги иштеген убактысы муниципалдык кызмат стажына, ошондой эле жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланганга чейин иштеген адистиги боюнча иш (кызмат) стажына кошулуп эсептелет. Тийиштүү ишкананын, мекеменин, уюмдун кызматкерлери пайдаланган бардык укуктар жана жеңилдиктер депутат үчүн сакталып калат. (Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 15-октябрындагы № 182, 2008-жылдын 5-августундагы № 195, 2014-жылдын 17-июлундагы № 138 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-24)  
Кийинки берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-26)
