# 24-статья. Депутаттын ыйгарым укуктарынын бузулгустугу. Аларды жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды камсыздоо

- Документ: [Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/311)
- Документтеги орду: 5-БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 13-январы № 3 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 июля 2016 года № 124 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111403)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/311#diff=1113961..1113962>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-297/edition/1113950/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/311/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө, 24-статья (21.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-24

---

Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана колдонуудагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын эч ким чектөөгө укуксуз. Тийиштүү жергиликтүү кеңештер жана алардын органдары депутаттар өз ыйгарым укуктарын натыйжалуу жүзөгө ашыруусу үчүн зарыл шарттарды камсыз кылышат. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жарандардын бирикмелеринин органдары, ишканалар, мекемелер, уюмдар, алардын кызмат адамдары депутаттардын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна көмөк көрсөтүүгө милдеттүү. (Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 20-июлундагы № 124 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-23)  
Кийинки берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-25)
