# 23-статья. Шайлоочулардын сунуш-талаптарын аткарууну уюштуруу

- Документ: [Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/311)
- Документтеги орду: 4-БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 13-январы № 3 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 июля 2016 года № 124 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111403)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/311#diff=1113961..1113962>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-297/edition/1113950/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/311/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө, 23-статья (21.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-23

---

Шайлочулардын депутаттарга берген сунуш-талаптарын топтоштуруу жана алдын ала кароо тийиштүү жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары, аткаруучу комитеттери же секретариаты тарабынан тийиштүү жергиликтүү мамлекеттик администрация менен бирге жүзөгө ашырылат. Шайлоочулардын сунуш-талаптарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планынын алар даярдаган долбоору жергиликтүү кеңештин кароосуна коюлат. Жергиликтүү кеңеш шайлоочулардын сунуш-талаптарынын алынгандыгы жөнүндө чечим кабыл алат жана аларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитет. Жергиликтүү кеңеш айрым сунуш-талаптардын аткарылышынын максатка ылайык эместиги жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечим кабыл алууга укуктуу. Шайлоочулардын сунуш-талаптарына карата жергиликтүү кеңештин чечими жергиликтүү кеңеш жана депутаттар тарабынан тийиштүү аймактын калкына маалымдалат. Шайлоочулардын сунуш-талаптары тийиштүү аймактын экономикалык жана социалдык өнүгүшүнүн пландарын жана программаларын, жергиликтүү экономикалык программаларды иштеп чыгууда, бюджетти түзүүдө, ошондой эле башка маселелер боюнча чечимдерди даярдоодо эске алынат. Жергиликтүү кеңеш аткарууга алган шайлоочулардын сунуш-талаптарын ишке ашырууну жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда аныкталган өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде жана жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлгөн органдар жергиликтүү кеңеш тарабынан берилген ыйгарым укуктардын чегинде камсыз кылышат. Сунуш-талаптарды ишке ашырууга тийиштүү айыл аймагынын жана шаардын чегинде жайгашкан ишканалар, мекемелер жана уюмдар, жергиликтүү кеңеш өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде аларга берген тапшырмаларга ылайык катышышат. Сунуш-талаптардын аткарылышына контролдук жүргүзүү тийиштүү жергиликтүү кеңештер, алардын органдары жана депутаттар тарабынан жүзөгө ашырылат. Шайлоочулардын сунуш-талаптарын ишке ашырууну камсыз кылуучу органдар жергиликтүү кеңештер аныктаган мөөнөттө, бирок жылына бир жолудан кем эмес, алардын аткарылышынын жүрүшү тууралу жергиликтүү кеңештерге баяндап турушат. Депутаттар өздөрүнүн шайлоо округдарынын шайлоочуларына алар берген сунуш-талаптардын акарылышынын жүрүшү жөнүндө такай маалымдап турушат. Шайлоочулардын сунуш-талаптарын депутаттын аткарышынын жүрүшү массалык маалымат каражаттарында чагылдырылат. (Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 20-июлундагы № 124 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-22)  
Кийинки берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-24)
