# 22-статья. Шайлоочулардын сунуш-талаптары

- Документ: [Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/311)
- Документтеги орду: 4-БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 13-январы № 3 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-297/edition/1113950/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/311/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө, 22-статья (21.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-22

---

Шайлоочулардын сунуш-талаптары - бул, коомдук мааниге ээ болгон жана депутатка талапкерге шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө шайлоочулар менен жолугушуулар убагында тийиштүү шайлоо округунун шайлоочуларынын чогулушунда берилген тапшырма. Аткарылышы тийиштүү жергиликтүү кеңештин жана анын органдарынын тескөөсүнө кирген тапшырмалар сунуш-талаптар деп эсептелет. Депутаттыкка талапкер, эгерде сунуш анын шайлоо алдындагы программасына каршы келсе, шайлоочулар чогулушу киргизген сунушту сунуш-талап катары кабыл албоого укуктуу. Шайлоонун натыйжасында депутаттыкка шайланбай калган депутаттыкка талапкерлерге берилген сунуш-талаптар шайлоочулардын сунуштары катары эске алынат, жергиликтүү кеңештин тийиштуу органдары тарабынан топтоштурулат жана жергиликтүү кеңештин төрагасы тарабынан чара көрүү үчүн тийиштүү органдарга жана кызмат адамдарына жөнөтүлөт.

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-21)  
Кийинки берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-23)
