22-статья. Шайлоочулардын сунуш-талаптары
Күчүндө · 21.01.2025 редакциясы · 4-БӨЛҮМ
Шайлоочулардын сунуш-талаптары - бул, коомдук мааниге ээ болгон жана депутатка талапкерге шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө шайлоочулар менен жолугушуулар убагында тийиштүү шайлоо округунун шайлоочуларынын чогулушунда берилген тапшырма. Аткарылышы тийиштүү жергиликтүү кеңештин жана анын органдарынын тескөөсүнө кирген тапшырмалар сунуш-талаптар деп эсептелет. Депутаттыкка талапкер, эгерде сунуш анын шайлоо алдындагы программасына каршы келсе, шайлоочулар чогулушу киргизген сунушту сунуш-талап катары кабыл албоого укуктуу. Шайлоонун натыйжасында депутаттыкка шайланбай калган депутаттыкка талапкерлерге берилген сунуш-талаптар шайлоочулардын сунуштары катары эске алынат, жергиликтүү кеңештин тийиштуу органдары тарабынан топтоштурулат жана жергиликтүү кеңештин төрагасы тарабынан чара көрүү үчүн тийиштүү органдарга жана кызмат адамдарына жөнөтүлөт.
Берененин тексти 21.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/311/st-22" title="22-статья - Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>