# 21-статья. Депутаттык топтор

- Документ: [Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/311)
- Документтеги орду: 3-БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 13-январы № 3 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 октября 2013 года № 192 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205061)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 16.10.2013 [Закон КР от 16 октября 2013 года № 192 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205061); 25.04.2013 [Закон КР от 25 апреля 2013 года № 59 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203866)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/311#diff=1113957..1113958>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-297/edition/1113950/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/311/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө, 21-статья (21.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-21

---

Шайлоо округдарында жана эмгек жамааттарында депутаттык ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу боюнча, биргелешип иштөө үчүн, депутаттар өз ара макулдашуу менен депутаттык топторго бириге алышат. Депутаттык топ үчтөн кем эмес депутаттардан турат. Депутаттык топ, ошол шайланган жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде, бардык мезгилде анын курамына кирүүнү каалагандарын билдирген депутаттардын чогулушунун чечими боюнча уюштурулушу мүмкүн. Депутаттык топтун курамына кирген депутаттар депутаттык топтун жетекчисин шайлашат. Топтун жетекчисинин сунушу боюнча депутаттык топ айылдык жана шаардык жергиликтүү кеңеште катталат. Депутаттык топтун иши, эгерде айрым депутаттар чыккан учурда, анын курамында үчтөн аз депутат калса, анын курамына кирген депутаттар тийиштүү чечим кабыл алганда, ошондой эле ошол шайлануудагы жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктары бүткөндө токтотулат. Жергиликтүү кеңеш катталган депутаттык топтордун ишине көмөк көрсөтөт, алардын ишин жөнгө салат жана алардын иши жөнүндө билдирүүлөрдү угушу мүмкүн. (Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 25-апрелиндеги № 59, 2013-жылдын 16-октябрындагы № 192 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-22)
