# 20-статья. Депутаттын мыйзамдуулуктун бузулушун жоюуну талап кылуу укугу

- Документ: [Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/311)
- Документтеги орду: 3-БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 13-январы № 3 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 июля 2016 года № 151 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере доступа к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/111430)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 27.07.2016 [Закон КР от 27 июля 2016 года № 151 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере доступа к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/111430); 16.10.2013 [Закон КР от 16 октября 2013 года № 192 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205061)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/311#diff=1113962..1113963>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-297/edition/1113950/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/311/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө, 20-статья (21.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-20

---

Жарандардын укуктарын бузулушу же башка мыйзам бузуулардын бети ачылганда депутат укук бузууну токтотууну талап кылууга, ал эми зарыл болгон учурларда укуктун бузулушуна бөгөт коюу талабы менен сотторду жана судьяларды кошпогондо, тийиштүү органдарга жана кызмат адамдарына кайрылууга милдеттүү. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандардын бирикмелеринин кызмат адамдары, менчигинин түрүнө карабастан, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын администрациясы, ошондой эле депутаттын талабы багытталган милиция кызматкерлери укук бузууларды жоюуга карата токтоосуз чаралар көрүүгө, ал эми зарыл болсо - бул жөнүндө кийин депутатка маалымдоо менен күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чаралар көрүүгө милдеттүү. Чаралар көрүлбөгөн учурда депутат, депутаттык фракция жана жергиликтүү кеңештердин тобу кайрылган кызмат адамдары мыйзамда белгиленген тартипте тартиптик, администрациялык же жазыктык жоопкерчилик тартышат. (Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 16-октябрындагы № 192, 2016-жылдын 27-июлундагы № 151 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-19)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-21)
