# 2-статья. Жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары жана алардын мөөнөтү

- Документ: [Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/311)
- Документтеги орду: 1-БөЛүМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 13-январы № 3 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.07.2024 [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962); 26.07.2018 [Закон КР от 26 июля 2018 года № 71 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111809); 20.07.2016 [Закон КР от 20 июля 2016 года № 124 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111403); 15.10.2004 [Закон КР от 15 октября 2004 года №182 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/1582)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/311#diff=1113967..15240>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-297/edition/1113950/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/311/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө, 2-статья (21.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-2

---

Жергиликтүү кеңештин депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарына жалпы, тең жана тике шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү аркылуу беш жылдык мөөнөткө жергиликтүү кеңешке шайлануусунун натыйжасында ээ болот. Депутаттын ыйгарым укуктары тийиштүү кеңештин биринчи сессиясы ачылган күндөн тартып башталат жана кийинки шайланган кеңештин биринчи сессиясы ачылган күнү бүтөт. Чыгып калган депутаттын ордуна шайланган депутаттын ыйгарым укуктары кеңештин депутат шайлангандан кийинки кезектеги сессиянын күнүнөн тартып башталат. Кеңешке шайлоолордун натыйжалары жөнүндөгү маселе кеңештин кароосуна тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан маалымат берүү иретинде киргизилет жана кеңеш тарабынан эске алынат. Депутаттардын ыйгарым укуктарына тийиштүү талаш маселелер сот тартибинде чечилет. Депутаттын ыйгарым укуктары ага берилген депутаттын күбөлүгү жана төш белгиси менен ырасталат. Депутаттын күбөлүгүнүн жана төш белгисинин үлгүлөрү, ошондой эле алар жөнүндөгү Жобо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан бекитилет. Депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда токтотулат. (Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 15-октябрындагы № 182, 2016-жылдын 20-июлундагы № 124, 2018-жылдын 26-июлундагы № 71, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-3)
