# 15-статья. Депутаттын шайлоочулардын жана алардын тизмеси боюнча алар шайланган саясий партиялардын алдындагы отчету

- Документ: [Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/311)
- Документтеги орду: 3-БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 13-январы № 3 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 октября 2013 года № 192 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205061)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/311#diff=1113957..1113958>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-297/edition/1113950/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/311/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө, 15-статья (21.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-15

---

(Берененин аталышы Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 16-октябрындагы № 192 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Жергиликтүү кеңештин депутаты шайлоочулардын алдында жана аны депутаттыкка талапкерликке көрсөткөн жарандардын жамааттарынын жана бирикмелеринин алдында, ошондой эле саясий партиянын алдында өзүнүн иши жана өзү шайланган жергиликтүү кеңештин иши жөнүндө мезгил-мезгили менен, бирок жылына бир жолудан кемитпей отчет берип турууга тийиш. Депутаттын отчету, аны депутаттыкка талапкерликке көрсөткөн жарандардын жамаатынын же бирикмесинин жана саясий партиянын талабы боюнча, ошондой эле шайлоочулардын чогулушунун талабына ылайык каалаган убакта өткөрүлүшү мүмкүн. Депутаттын отчету тийиштүү шайлоо округунун шайлоочуларынын чогулуштарында, ошондой эле аны депутаттыкка талапкерликке көрсөткөн эмгек жамааттарынын, жарандардын бирикмелеринин жана саясий партиянын чогулуштарында (конференцияларда) өткөрүлөт. Чогулуштун жыйынтыгы боюнча жергиликтүү кеңештин ар бир депутатынын ишине баа берилет, ал тиешелүү кеңешке жиберилет. Отчет берүүнү өткөрүү жөнүндө депутат жергиликтүү кеңешке же белгиленген тартипте анын органдарына маалымдайт. (Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 16-октябрындагы № 192 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-16)
