# 14-статья. Депутаттын жарандардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кароосу

- Документ: [Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/311)
- Документтеги орду: 3-БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 13-январы № 3 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 июля 2016 года № 151 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере доступа к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/111430)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/311#diff=1113962..1113963>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-297/edition/1113950/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/311/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө, 14-статья (21.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-14

---

Жергиликтүү кеңештин депутаты өзүнө түшкөн сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды карап чыгат, аларды туура жана өз убагында чечүүгө карата чара көрөт, жарандарды кабыл алат. Депутат өзүнө түшкөн сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды тийиштүү органдарга, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга жөнөтө алат, алар бул сунуштарды, арыздарды жана даттанууларду колдонуудагы мыйзамга ылайык карап чыгууга жана натыйжалары жөнүндө арыз ээсине, ошондой эле депутатка маалымдайт. Депутат даттануулардын чыгышынын себептерин иликтейт жана аларды жоюу боюнча өз сунуштарын өзү шайланган жергиликтүү кеңешке, мамлекеттик органдарга, жарандардын бирикмелеринин органдарына, ишканаларына, мекемелерге жана уюмдарга киргизет. Соттук актыга же судьянын жүрүм-турумуна даттанылган депутатка кайрылуу, ушул соттук актыга же судьянын жүрүм-турумуна даттануу тартибин түшүндүрүү менен, кайрылууну жиберген жаранга кайтарылып берилет. (Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 27-июлундагы № 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-15)
