# 13-статья. Депутаттын шайлоо округунун калкы менен байланышы

- Документ: [Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/311)
- Документтеги орду: 3-БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 13-январы № 3 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-297/edition/1113950/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/311/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө, 13-статья (21.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-13

---

Жергиликтүү кеңештин депутаты өзүнүн шайлоочулары менен дайыма байланышта болуп, жергиликтүү кеңештин иши, экономикалык жана социалдык өнүгүүнүн пландарынын жана программаларынын, жергиликтүү экологиялык программалардын, жергиликтүү кеңештин чечимдеринин жана шайлоочулардын суроо - талаптарынын аткарылышы жөнүндө аларга үзбөй маалымат берип турат, мыйзамдарды, жергиликтүү кеңештин жана анын органдарынын чечимдерин аткарууну уюштурууга, шайлоо округунун аймагында өткөрүлгөн массалык иш-чараларга катышат, коомдук ой-пикирди, калктын керектөөлөрүн иликтейт, алар тууралу жергиликтүү кеңешке маалымдайт, жарандардын жамааттык муктаждыктарын жана мыйзамдуу талаптарын канааттандыруу боюнча башка чараларды көрөт. Шайлоо округундагы өзүнүн ишинде депутат коомдук комитеттердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эмгек жамааттарынын, жарандардын бирикмелеринин органдарынын жардамына таянат.

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-14)
