# 12-статья. Депутаттын ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иштерин текшерүү жөнүндө маселе коюу укугу

- Документ: [Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/311)
- Документтеги орду: 2-БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 13-январы № 3 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 июля 2016 года № 151 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере доступа к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/111430)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 27.07.2016 [Закон КР от 27 июля 2016 года № 151 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере доступа к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/111430); 05.08.2003 [Закон КР от 5 августа 2003 года № 189 "О внесении изменения в Закон Кыргызсой Республики "О статусе депутатов местных кенешей""](https://aqlex.ai/kg/doc/1315)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/311#diff=1113962..1113963>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-297/edition/1113950/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/311/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө, 12-статья (21.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-12

---

Жергиликтүү кеңештин депутаты жергиликтүү кеңешке жана анын органдарына анын аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишин менчигинин түрүнө карабастан, ошондой эле финансы-чарбалык иштен тышкары сотторду жана судьяларды кошпогондо, мамлекеттик органдарды жана граждандардын бирикмелеринин органдарынын ишин текшерүү зарылдыгы жөнүндө маселе коюуга укуктуу. Жергиликтүү кеңеш ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга депутат баяндаган фактылар боюнча текшерүү жүргүзүүнү сунуштоого укуктуу. Мында текшерүү колдонулуп жаткан мыйзамдарга ылайык жүргүзүлүүгө тийиш. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган текшерүүнүн натыйжасы жана ал боюнча сунуштарды жергиликтүү кеңешке же текшерүү жүргүзүүнү сунуштаган анын органына билдирет. Текшерүүнүн натыйжасы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана иши текшерилген органдардын жетекчилерине (менчик ээлерине), ошондой эле жогору турган органдарга кетирилген кемчиликтерди жана бузууларды жоюу боюнча сунуш киргизет, жоопко тартуу тууралу маселе коет. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулгандыгы аныкталган учурда, депутат ал боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга кайрыла алат. (Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 5-августундагы № 189, 2016-жылдын 27-июлундагы № 151 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-13)
