# 11-статья. Депутаттык суроо-талап жана депутаттык суроо

- Документ: [Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/311)
- Документтеги орду: 2-БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 13-январы № 3 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 июля 2016 года № 124 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111403)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 20.07.2016 [Закон КР от 20 июля 2016 года № 124 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111403); 15.10.2004 [Закон КР от 15 октября 2004 года №182 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/1582)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/311#diff=1113961..1113962>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-297/edition/1113950/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/311/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө, 11-статья (21.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-11

---

Депутаттык суроо-талап - бул депутаттын алдын ала же жергиликтүү кеңештин сессиясында жергиликтүү кеңештин төрагасына, төраганын орун басарына, жергиликтүү кеңештин комиссияларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине, менчигинин түрүнө карабастан, жергиликтүү кеңештин аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерине, ошондой эле тийиштүү жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына, анын орун басарына, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын бөлүмдөрүнүн, башкармаларынын жана башка кызматтарынын жетекчилерине билдирген маселени чечүү, коомдук мааниге ээ болгон жана жергиликтүү кеңештин тескөөсүнө кирген маселелер боюнча расмий түшүндүрмө берүү же көз карашын баяндоо талабы. Суроо-талап депутат же депутаттар тобу тарабынан жазуу жүзүндө же оозеки түрдө киргизилиши мүмкүн, суроо-талап жергиликтүү кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизилүүгө тийиш, ал боюнча талкуулоо жүргүзүлүшү жана чечим кабыл алынышы мүмкүн. Жергиликтүү кеңештин төрагасы суроо-талаптын текстин, ал коюлган тийиштүү органга же кызмат адамына жеткирет. Суроо-талап коюлган орган же кызмат адамы жергиликтүү кеңеш белгилеген мөөнөттө ага оозеки же жазуу жүзүндө жооп берүүгө тийиш. Суроо талапка жооп жергиликтүү кеңештин сессиясында каралат. Депутаттык суроо - бул, кайсы бир же башка маселе боюнча депутаттын маалымат алуу жолу. Суроого жооп жергиликтүү кеңештин сессиясында жарыяланышы же депутаттын өзүнө берилиши мүмкүн. Суроо сессиялардын күн тартибине киргизилбейт, талкууланбайт жана ал боюнча чечим кабыл алынбайт. (Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 15-октябрындагы № 182, 2016-жылдын 20-июлундагы № 124 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-12)
