# 10-статья. Депутаттын жергиликтүү кеңештеги жана анын органдарындагы укуктары

- Документ: [Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/311)
- Документтеги орду: 2-БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 13-январы № 3 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 июля 2016 года № 151 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере доступа к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/111430)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 27.07.2016 [Закон КР от 27 июля 2016 года № 151 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере доступа к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/111430); 20.07.2016 [Закон КР от 20 июля 2016 года № 124 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111403); 16.10.2013 [Закон КР от 16 октября 2013 года № 192 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205061); 15.10.2004 [Закон КР от 15 октября 2004 года №182 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/1582)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/311#diff=1113962..1113963>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-297/edition/1113950/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/311/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө, 10-статья (21.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-10

---

Жергиликтүү кеңештин депутаты жергиликтүү кеңештин жана өзү курамына кирген анын органдарынын заседаниелеринде каралуучу бардык маселелер боюнча чечүүчү добуш укугунан пайдаланат. Ар бир депутат жергиликтүү кеңеште жана өзү курамына кирген анын органдарында бир добушка ээ болот. Жергиликтүү кеңештин кайсы бир органынын курамына кирбеген депутат анын ишине кеңеш берүүчү добуш укугу менен катыша алат. Жергиликтүү кеңештин депутаты:

1) тийиштүү жергиликтүү кеңештин органына шайлоого жана шайланууга;

2) жергиликтүү кеңештин жана анын органдарынын кароосу үчүн маселелерди сунуш кылууга;

3) жергиликтүү кеңештин жана анын органдарынын заседаниесинин күн тартиби, талкуулануучу маселелерди кароонун тартиби жана алардын маани -маңызы боюнча сунуштар жана сын-пикирлер киргизүүгө;

4) чечимдердин долбоорлорун, жергиликтүү кеңеш же анын органы кабыл алуучу башка документтерди, аларга карата түзөтүүлөрдү кароо үчүн киргизүүгө;

5) жергиликтүү кеңеш түзүүчү органдардын жекече курамы жана жергиликтүү кеңеш тарабынан шайлануучу, дайындалуучу же бекитилүүчү кызмат адамдарынын талапкерлери боюнча ой-пикирин айтууга;

6) жергиликтүү кеңеш түзгөн органдарга, алардын курамына кирген адамдарга, ошондой эле жергиликтүү кеңеш шайлаган, дайындаган же бекиткен адамдарга ишенич көрсөтпөө жөнүндө маселе коюуга;

7) талаш-тартыштарга катышууга, суроо-талаптар менен кайрылууга, баяндамачыларга, кошумча баяндамачыларга, заседаниеге төрагалык кылуучуга суроолор берүүгө;

8) жергиликтүү кеңештин сессиясында жергиликтүү кеңешке отчеттуу, болбосо анын контролдугу астындагы ар кандай органдын же кызмат адамынын, ошондой эле тийиштүү жергиликтүү кеңештин кызмат өтөшүнө кирген маселелер боюнча анын аймагында иштеген башка органдардын жана кызмат адамдарынын отчетун же маалыматын угуу жөнүндө сунуштар киргизүүгө;

9) өзүнүн сунуштарын негиздөө менен жана добуш берүүнүн жүйө - себептери боюнча чыгып сүйлөөгө, маалыматтар берүүгө;

10) жергиликтүү кеңештин жана органдарынын заседаниелеринде, эгерде алар коомдук мааниге ээ болсо, жарандардын же алардын бирикмелеринин кайрылууларынын, арыздарынын, резолюцияларынын, петицияларынын тексттерин жергиликтүү кеңеш белгилеген тартипте жарыялоого укуктуу.

Депутат жергиликтүү кеңештин сессиясында талкууланган маселе боюнча өзүнүн жарыя айтылбаган сөзүнүн, сунуштарынын жана сын - пикирлеринин текстин, жергиликтүү кеңештин же өзү катышкан анын органынын заседаниесинин протоколуна киргизүү үчүн төрагалык кылуучуга бере алат. Депутаттын жергиликтүү кеңештин сессиясында айткан жана заседаниесинде төрагалык кылуучуга кат түрүндө берилген сунуштары менен сын-пикирлери жергиликтүү кеңеш тарабынан, болбосо анын тапшыруусу боюнча жергиликтүү кеңештин комиссиялары тарабынан каралат же сотторду жана судьяларды кошпогондо, тийиштүү органдардын жана кызмат адамдарынын кароосуна жөнөтүлөт, алар бул сунуштарды жана сын-пикирлерди, эгерде жергиликтүү кеңеш тарабынан башка мөөнөт белгиленбесе, бир айлык мөөнөттөн кечиктирбей кароого жана кароонун натыйжалары тууралу сунуштар киргизген жана сын-пикирлерин айткан депутаттардын тикелей өздөрүнө, ошондой эле жергиликтүү кеңештин төрагасына билдирүүгө милдеттүү. Пленардык заседаниелеринде, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын заседаниелеринде депутаттарга жергиликтүү кеңеш кабыл алган чечимдердин аткарылышынын, депутаттар киргизген сунуштардын жана сын-пикирлердин, шайлоочулардын сунуш-талаптарынын ишке ашырылышынын жүрүшү жөнүндө, ошондой эле жергиликтүү кеңештин жана анын органдарынын ишинин маанилүү маселелери боюнча мезгил-мезгили менен маалымат берилип турат. Депутаттар жергиликтүү кеңеште жергиликтүү кеңештин регламентине ылайык түзүлгөн жана иш жүргүзгөн депутаттык фракцияларга жана топторго бириге алышат. Депутаттардын белгиленген укуктарын ишке ашыруунун тартиби жергиликтүү кеңештин жана алардын органдарынын ишин жөнгө салуучу ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле тийиштүү кеңештин регламенти менен аныкталат. (Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 15-октябрындагы № 182, 2013-жылдын 16-октябрындагы № 192, 2016-жылдын 20-июлундагы № 124, 2016-жылдын 27-июлундагы № 151 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/311/st-11)
